Коом
Лицензия чырына байланыштуу Дүйшөнбек Зилалиев кармалды
Элита плюс
Март 16, 2023 г.
Лицензия чырына байланыштуу Дүйшөнбек Зилалиев кармалды
© Элита плюс

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси З.Д.Т. (Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович) кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Белгилей кетсек, Дүйшөнбек Зилалиев 2016-2017-жылдары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин жетектеген, ал эми 2017-жылдын август айынан ноябрь айына чейин Кыргызстандын вице-премьер-министри кызматын ээлеген.

УКМКдан белгилешкендей, З.Д.Т.га карата кылмыш иши козголуп, иштин алкагында ал 2017-жылы ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып, Б.Р. аттуу жарандан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча алганы аныкталды. Бирок, З.Д.Т. айтылган убадаларын аткарбай, ошондой эле алган акчасын кайтарып берген эмес.

Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин негизинде 2023-жылдын 15-мартында З.Д.Т. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.