Аймактар
Мелис РЫСПЕКОВ, акын: “Саякбай атабыз Манас айтканда суукту сезбей, көк муштум болуп укканым эсимде”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Мелис РЫСПЕКОВ, акын: “Саякбай атабыз Манас айтканда суукту сезбей, көк муштум болуп укканым эсимде”
© Элита плюс
Мелис РЫСПЕКОВ, акын: “Саякбай атабыз Манас айтканда суукту сезбей, көк муштум болуп укканым эсимде”
© Элита плюс
Мелис РЫСПЕКОВ, акын: “Саякбай атабыз Манас айтканда суукту сезбей, көк муштум болуп укканым эсимде”
© Элита плюс

Мелис Рыспеков 1937-жылы Суусамыр өрөөнүндөгү 1-май айылында жарык дүйнөгө келген. Айылга алгач ирет ачылган мектептин босогосун аттап, 1955-жылы мектептин алгачкы бүтүрүүчүсү болгон. Тоо койнундагы Суусамыр өрөөнүндө чоңойгон Мелис ата бала кезден жаратылыштын сулуулугуна суктанганын жашырбайт. Табият сулуулугу анын жүрөгүнөн түнөк таап, акыры ыр саптары менен жарыкка чыгууга себеп болот. Жашы 60тан ашканда акындык дүйнөгө сапар тартып, бактылуу карылыктын доорунда “Төө ашуу”, “Сезим кайрыктары”, “Көкөмерен”, “Эсимде”, “Тоодо жүрөт жаш чагым” аттуу китептердин автору болду. Өмүр бою жылкы баккан Мелис ата байбичеси экөө 8 баланын ата-энеси. Дөөлөттүү карылыктын ээлери. Сексенден ашса да сергектиги менен күн сайын колуна калем кармап, ыр саптарын чиймелөөнү негизги эреже деп билет. Туулуп өскөн айылынын ардактуу атуулу. Жергиликтүү мектептин китепканасына салым кошуп, китеп фондун толуктап келет. Үйдө неберелерге мээрим төккөн чоң ата. Кээде колуна комуз кармап, аларга ырдап да берип коет. Суусамырдын кең жайлоосунда баарлашып олтуруп Мелис атанын жүрөгүнүн тазалыгына баа бердим. Ылайым калем сыясы кургабасын... -Мелис ата, оор заманга туш келген балалыгыңыз эстен кетпесе керек? -Ооба. Апамдын айтуусу боюнча кыштын кыраан чилдесинде төрөлүпмүн. Анда кайдагы календарь? Кыштын чилдеси январдын аягынан февралдын аягына чейин созуларын эске алып, кийин туулган күнүмдү 20-январь деп жаздырып алгам. Абасы таза, тоо койнунда жайгашкан Суусамыр өрөөнүндө балдай балалыктын издери калды. Эсимде, ал кезде биз чыт курсак балдарбыз. Бир күнү алыстан концерт коюп артисттер келишти. Кыштын суугу жанды жеген мезгил эле. Ошондо буркан-шаркан түшүп Саякбай атабыз Манас айтып жатты. Эпостунбу же Саякбай атанын касиетиби? айтор ит өлгүдөй суукту сезбей, көк муштум болуп Манасты аягына чейин укканым түк эсимден кетпейт.

-Китептериңизди барактап отуруп, салмактуу ырларыңызга күбө болдум. Ал эми андагы сүрөттөр туурасында да айтып берсеңиз?

-Качкын Оторбаев аттуу Жумгалдык жигиттин “Жумгалдаштар” деген китебинен айылдан чыккан атактууларынын сүрөттөрүн көрүп калдым. Анда ар бир каармандын жетишкен ийгилиги камтылып, Жумгалдын кадыр-барктуу инсандары толук киргизилиптир. Ошол китепти көргөндө менде да мындай идея жаралып, өз китебиме айылдын аттуу-баштуу тургундарынын сүрөтүн архив катарында киргизип койгом.

-Комуз чертип ырдап да коет экенсиз?

-Илгери “Ыр кесе” деген болчу. 1987-жылы майда уюштуруучулар менин ырга шыктуу экенимди байкап, саламдашууга чыгарып салышты. Ыр кесеге бала-чакам, үй-бүлөм менен баргам. Толкунданып, айта турганымды кагазга жазып, жаттадым. Саламдашуу башталганда көзүмдү жумуп, жаттаган ырымды комуздун коштоосунда элге жеткире ырдадым. Кудай жалгап жакшы аткардым. Көрүүчүлөр колумдан кысып, катылган талант бар экенин айтышты. Кийин ыр китебимди басууга берип жатканда архивдеги дептеримден ошондогу ырларымды таап, китепке тиркеп койдум.

-Ыр дүйнөсүнө кеч аралашыпсыз. Ошентсе да азыркы акын-жазуучуларга кандай баа бересиз?

-“Беш акын” теледолбоорундагы ар бир акындын ырын тыңшасам баарысы эле мен жазган нукта жазышат экен. Кандай гана тема, багыт болбосун көпчүлүгү меникиндей стилде жазганын байкадым. Бир гана айырмачылыгы ырларыма обон жарала элек. Ыр дүйнөсүнө кеч аралашсам да атактуу акындардан кем калбай ыр саптарын жаратууга аракеттенем. О.э. артыбызда өсүп келаткан дымактуу акын жигиттерибиз да арбын.

-Бул китебиңизден ырлар жыйнагын эле эмес, поэмалардан да окуса болот экен?

-Ооба. Алгач “Тагдыр” аттуу поэма жаралды. Анын тарыхы мындайча болгон. Бир жолу телевизордон “Арман” деген кино тасманы көрүп калып, көзүмө жаш алып, аябай таасирлендим. Ошондон улам ушул чыгарма жарык көргөн. Кийин Кожомкул балбан жөнүндө жазгам. Аны жазууга айылдаштарым түрткү берди. Адегенде көпкө ойлондум. Кожомкул балбандын бою, салмагы элге маалым. Кайсы өзгөчөлүгүн жазсам деп түмөн түйшүккө түштүм. Бир убакта оюма бир нерсе тык этти. Кожомкул балбандын ошончо күчкө ээ болуп турса дагы адамкерчилиги, жөнөкөйлүгү, элин сүйгөнү, карапайым калкты коркутуу, үркүтүү дегенди билбегени, катардагы эл менен өзүн бир деңгээлде алып жүргөн сапаттары тууралуу жазууну эп көрдүм. Мунун баарын Кожомкул балбанга алты жыл катчы болуп иштеген бир тууган жездем айтып берген. Ушундан улам атаңдын көрү, азыркы заман болгондо Кожомкул күчүнө таянып каалаганын кылат беле деген да ойлорго жетеленем.

Аруужан КАНАТБЕК кызы