Маданият
Арнис КЫДЫРМЫШЕВ, актёр: “АЛЬБИНА МЕН КҮТКӨНДӨН ДА АРТЫК ЖУБАЙ БОЛДУ”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Арнис КЫДЫРМЫШЕВ, актёр:  “АЛЬБИНА МЕН КҮТКӨНДӨН ДА АРТЫК ЖУБАЙ БОЛДУ”
© Элита плюс
Арнис КЫДЫРМЫШЕВ, актёр:  “АЛЬБИНА МЕН КҮТКӨНДӨН ДА АРТЫК ЖУБАЙ БОЛДУ”
© Элита плюс
Арнис КЫДЫРМЫШЕВ, актёр:  “АЛЬБИНА МЕН КҮТКӨНДӨН ДА АРТЫК ЖУБАЙ БОЛДУ”
© Элита плюс
Арнис КЫДЫРМЫШЕВ, актёр:  “АЛЬБИНА МЕН КҮТКӨНДӨН ДА АРТЫК ЖУБАЙ БОЛДУ”
© Элита плюс

“Үлгүлүү үй-бүлө” рубрикабыздын бул жолку коноктору - актёр Арнис Кыдырмышев жана анын өмүрлүк жары, актриса Альбина Имашова. Эки талант учурда Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында эмгектенип, сахнада жана тасмада нечендеген образдарды жаратып келишет. Бир кесипти аркалап келе жаткан бактылуу жубайларды театр табыштырып, театр бириктирген. 15 жылдан бери бир жаздыкка баш коюп, бир түндүктүн алдында бактылуу, ынтымактуу өмүр кечирип келе жаткан түгөйлөргө көпчүлүк жаштар карап түздөнө турган үлгүлүү үй-бүлө.

  • Арнис байке, алгачкы таанышуу, жолугушуу эсиңиздерде түбөлүк сакталса керек?
  • Албетте, ал күн ар дайым эсимде. Каракол шаарындагы Ы. Туманов атындагы музыкалык окуу жайды аяктап, борборго келип Искусство институтуна тапшырып окуп калдым. Ал кезде Альбина 2-курсту аяктап, 3-курс болуп калыптыр. Экөөбүз тең жатаканада жашачубуз. Жатакананын алдынан таанышканыбыз эсимде.
  • Альбина эже эмнеси менен сизди сүйдүрүп алды?
  • Билбейм, биринчи көргөндө эле жылдызыбыз келишип, жактырып калдым. Өзгөчө шыңга бою, ачык-айрым мүнөзү менен мени арбап алган.
  • Альбина эже, сизчи?
  • Өтө тың бала болчу. Алгач ошол сапатына көңүлүм бурулган. Анткени дароо таанышканда эле шартылдап каткырып, адамдын көңүлүн бура турган тамашалары менен жаккан. Ошондуктан шаңдуу, позитивдүү, тамашакөй, өзү айткандай, “турна моюн, бото көз жигитке” көңүл бургам.
  • Анан?.. Андан аркы кадам кандай болду? Арнис: - Окуу жайда болобу, жатаканада болобу, дайыма чогуу жүрүп билинбей эле мамилебиз сүйүүгө айланып кетти. Ортодо сезим бар экенин билсек да азыркы жаштардай бири-бирибизге сүйүүбүздү ачык айта алган жокпуз. Бирок ортодогу жылуу мамиледен улам бардыгы белгилүү болчу. Ошентип, бир жылдай сүйлөшүп жүрүп 2004-жылдын кычыраган кышында баш коштук. Кудайга шүгүр, мына 15 жылдан бери ынтымактуу жашап келе жатабыз. Альбина: - Биздин үйлөнгөнүбүз да аябай кызыктуу болгон. Кышкы каникулга тараганда жатаканадагы досторубузга дасторкон жазып, алардан бата алып, азыркынын тили менен айтканда, кыз узатуу кылдык. Анан эч кандай картежи жок, заманбап үлпөт көйнөк кийбей эле автобекетке жетелешип барып, кичи автобуска түшүп алып кетип калганбыз. Кыш, күн кыска, Түпкө жеткенче эле кеч болуп кетти. Райондун борборунан ары дагы Долон деген айылга барышыбыз керек эле. Ал кезде азыркыдай кенен каттаган унаа же телефон жок. Кеч кирип кетти, анын үстүнө кыш айы, эми андан ары кантип кетебиз деп сарсанаа болдук. Анан Арнис айдоочуга барып үйлөнүп баратканын айтып айылга жеткирип коюшун суранды. Жакшы киши экен: “Оо-ой үйлөнүп баратасыңбы?” - деп кубанып автобустун ичиндеги элге айтып, алардан уруксат сурап, алар дагы колдоп, бардыгы үйгө жеткирип барышкан. Түндүн бир оокумунда үйгө барсак ата-энебиз жок. Көрсө, коңшу айылдагы тааныштары конокко чакырып келишсе ата-энебиз бизди күтө берип тажашканбы, барып келели деп кетип калышыптыр. Бирок көпкө узабай шашып жетип келишти. Ошентип, Түпкө келин болдум. Абдан жылуу, өз кызындай кабыл алышты. Ага чейин кайын энем, кайын сиңдилерим менен таанышкам. Мурун көргөндүк кылдымбы, айтор, чочуркабай, өз кишидей эле аралашып кеткем.
  • Арнис байке, кайындарга барганда кызмат кыласызбы же?..
  • Тоңдун Карл Маркс айылына күйөө баламын. Барып калганда күйөө бала катары эмне жумушу болсо аткарганга аракет кылам. Бирок ыраматылык кайын атам: “Күйөө баланы пайгамбар сыйлаптыр”, - деп такыр иштетчү эмес. Кайын атамдын көзү өтүп кетсе деле кайындарым азыр жумуш кылдыртышпайт. Айтор, эрке күйөө баламын десем болот.
  • Эже сиз күткөндөй эле жубай болдубу?
  • Альбина мен күткөндөн да артык жубай болду. Анын колунан чыккан бардык тамактарды тамшанып жейм. Өзү жеринен эле тамак-ашты жакшы жасайт. Өзгөчө биздин үйдө “фирменный” тамагыбыз бар. Аны көлдүктөр жакшы билет, кургак кесме деп коюшат. Ошол тамакты дайыма жасап жейбиз.
  • Альбина эже, Арнис байке кандай ата?
  • Ал мага өмүрлүк жолдош гана эмес, сынчым, кеңешчим. Үйдүн кожоюну болгондуктан анын ар бир айткан сөзү - биздин үйдө мыйзам. Жакшы ата, анткени мага караганда кыздарына өтө жакын. Кыздары менен көбүрөөк сүйлөшөт. Окуусуна көңүл буруп, тамагын көзөмөлдөп турган мээримдүү ата.
  • Кайсы сапаты жакпайт?
  • Ооба, адам кемчиликсиз болбойт. Бирок Арнистин кемчилиги, жаман сапаты эсиме келбей турат. “Бол, болбойсуңбу” деген шашма жагы бар. Бирок мен аны кемчилик катары санабайм. Ал жоопкерчиликтүүлүк болуп калат го. Жоопкерчиликтүүлүгүн ушундан байка, конокко же бир иш-чарага, мисалы, саат 10го чакырса, биз 9 жарымда эле барып алабыз. Мени да ошого үйрөткөн.
  • Чарт-чурт болуп кеткенде кимиңиздер биринчи кадам таштайсыздар? Альбина: - Чыгармачыл үй-бүлөдө казан-аяк жалаң эле ушу чыгармачылыктын айынан чыгат. Биздики деле ошол нерседен чарт-чурт болуп кетет. Жумушка таң атпай келип, кечинде кеч кетебиз. Үйгө барганда эс алып, балдар менен болуп, кайра эртеси ишке жөнөйбүз. Ошондуктан урушканга деле убакыт жок. Мен кечиримдүүмүн. Аял болсом да, кандай гана уруш болбосун, күнөөлүүмүнбү, күнөөлүү эмесминби, биринчи кечирим сурайм. Көк бет аялдардын катарына кирбейм. Казан-аяк кагышып кетип 4-5 мүнөт сүйлөшпөй калсак, кыжалат болуп кетем. Анан кайра-кайра сүйлөп жатып Арнисти тилге келтирип алам. Ошентип, бардыгы унутулуп калат. Арнис: - Экөөбүз тең эле кечиримдүүбүз, көк бет адамдардын катарына кирбейбиз.
  • “Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” дешет го, эки чыгармачыл адамдын бир үй-бүлө болушу кандай? Арнис: - Кимге кандай, билбейм, бирок чыгармачылыктын үй-бүлөгө таасири жакшы эле болот экен. Экөөбүз тең үй-бүлөгө да чыгармачылык көз караш менен карагандыктан бул жаатта бизде көйгөй жаралбайт. Тескерисинче, бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, чыгармачылык жактан баскан жолубуз, мейли, сахнада, мейли, тасмада, мейли, сабак берүүдө болобу, бири-бирибизге кеп-кеңешибизди берип колдоп турабыз. Мактаныч эмес, балким, ошонун айынан жакшы образдарды жаратып жаткандырбыз. Чыгармачыл адамга сөзсүз түрдө колдоо, ар бир кылган нерсеге түшүнүү менен мамиле кылуу зарыл. Ошол нерсени экөөбүз тең жакшы түшүнүп бири-бирибизди колдойбуз, сындайбыз. Чыгармачылыгыбыз мындан дагы өнүгүп-өсүүсүнө ар дайым аракет кылып суу куюп, багып, жем берип, таптап турабыз.
  • Альбина эже, жолдошуңуздун чыгармачылыгына кандай баа бересиз?
  • Жогору баалайм. Анткени ар бир ишке жоопкерчилик менен мамиле кылып, көңүл кош карабайт. Мейли, сабак береби, тасмага тартылабы же сахнада ойнойбу, ар бир нерсеге дыкат ойлонуп, эмне кылсам экен деп терең маани берет. Бардык ишти өз орду менен кылат, ошонусун жактырам. Кээде бири-бирибизге өтө катуу сын пикирлерди айтабыз. Чыгармачылыкка келгенде бири-бирибизди аямай деген жок. Сын болбосо, өзүңдү бийик сезип, шумдук аткарып жаткандай сезе бересиң. Бул нерсенин бардыгы сырттан караган адамга даана көрүнөт. Мен сахнага чыксам ал, ал чыкса мен карап турам. Кемчилик болсо жойгонго аракеттенебиз. Өзү кээде: “Боюм бир аз узунураак болгондо, чыгармачылыгым башкача болот беле”, - деп калат. Муканбет Токтобаев агай экөө чыгармачылык жактан да, турмуштук жактан да көп нерсени акылдашып, кеңешип турушчу. Агайды өтө сыйлайт эле. Мен ошол адамдай бийик даражалуу адам болсо деп тилейм.
  • Кимиңиздер балдарга катуусуздар? Арнис: - Эки кызыбыз бар. Улуу кызыбыз Мадалена 14, кичүү кызыбыз Арууке 7 жашта. Быйыл мектепке барат. Улуу кызым кичинекей кезинде театрдан ролдорду аткарып жүрдү. Ал кезде балалык кыялы менен “актриса болом” дечү. Азыр медицина кызматкери болгусу келет. Кичүү кызым ар кандай ийримдерге барат, чыгармачылыкка жакын. “Шаттык” бий ансамблинде бийлейт. Тасмага тартылып, спектакль ойногусу келет. Анын ою саат сайын өзгөрүп турат (күлүп). Аманчылык тилейм, кыздарым бактылуу болсун. Кайсы кесиптин ээси болсо да биз ата-энеси катары колдогонго даярбыз. Балдарга апасы катуураак, мен жумшакмын. Ооба, тарбиялоодо принциптерибиз бар. Өзгөчө улуу-кичүүнү сыйлоого жана билимге болгон умтулуусун жогорулатканга аракет кылабыз. “Китепти көп окугула” дейбиз.
    Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА