Коом
Лев Толстой көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктады
Элита плюс
Октябрь 16, 2020 г.
Лев Толстой көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктады
© Элита плюс

Лев Толстой көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнүн курулушу жана жолдун реконструкциялоо иши жыйынтыкталууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, курулуш иштеринин жүрүшүн курулуш жана архитектура боюнча вице-мэр Уланбек Азыгалиев текшерди.

Вице-мэр курулуш иштеринин сапатын жеке өзү текшерип, жөө жүргүнчүлөрдүн, айрыкча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коопсуз кыймылына шарттар түзүлмөйүнчө, ишти кабыл албай тургандыгын белгиледи.

“Унаа жолдогу бардык негизги жумуштар аяктап, анча-мынча оңдоо иштери, жолдорго жол белгилерин орнотуу, түшүрүү, жээк таштарды, арыктарды, таман таштарды төшөө иштери калды”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, эстакадалык көпүрө Лев Толстой көчөсүнүн чыгыш жана батыш бөлүктөрүн бириктирет. 2018-жылы батышты көздөй шаардын чек арасына - Алыкулов көчөсүнө чейин өткөрүлгөн. Азыр жолдун узундугу 15 чакырымга жетти.

Көпүрөнүн узундугу 95 метр жана туурасы 20,65 метрди түзүп, тротуарларды кошкондо Лев Толстой көчөсүнүн батыш жана чыгыш бөлүктөрүн бириктирет. Көпүрө темир жолдун үстүнөн өтөт.

Эске салсак, жаңы эстакадалык көпүрөнүн курулушу КЭР грантынын эсебинен "Көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун биринчи фазасынын алкагында China Road & Bridges Corporation тарабынан жүргүзүлүүдө.