Аймактар
Лейлекте тоноочулукка шектелген жаран кармалды
Элита плюс
Апрель 17, 2023 г.
Лейлекте тоноочулукка шектелген жаран кармалды
© Элита плюс

Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын 35 жаштагы тургуну 2023-жылдын 1-март күнү Раззаков шаарындагы борбордук базарда белгисиз жаран аны уруп, колундагы “Samsung Galaxy A04” үлгүсүндөгү телефонун тартып алып койгон. Жабырлануучу жалпысынан 14000 сомго жакын зыян тарткандыгын билдирип, 2023-жылдын 6-апрель күнү милицияга арыз менен кайрылган.
Бул факты Лейлек РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен катталып, Лейлек РИИБдин, Баткен ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 14-март күнү Раззаков шаарынан Лейлек районунун Кара-Булак айыл аймагынын тургуну 35 жаштагы С.С. аныкталып кармалды. Ал мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.