Коом
Лейлек районунда төрт ата-энеге айып пул салынды. Себеп?
Элита плюс
Декабрь 10, 2022 г.
Лейлек районунда төрт ата-энеге айып пул салынды. Себеп?
© Элита плюс

Лейлек районунда өткөрүлгөн "Өспүрүм" аталышындагы иш-чарада төрт ата-энеге айып пулдар салынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун аймагында өткөн "Өспүрүм" аталышындагы иш-чаранын алкагында милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, соцпедагоктор менен чогуу иш алып барышып, мектептерде ата-энелер жыйналыштарын өткөрүп, балдардын коопсуздугу боюнча түрдүү темада талкуулар болду.

Ал эми мектеп окуучуларына кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтер боюнча суроо-жооптор болду. Милициянын көчмө кабылдамасы менен базарлар, соода түйүндөрүндөгү сатуучулар менен жолугуп, пиротехникалык каражаттарды сатууга тыюу салынгандыгын эскертти.

Кулуңду айыл аймагы боюнча "Өспүрүм" иш-чарасынын алкагында балдарын көзөмөлсүз калтырган 4 ата-энеге Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.