Аймактар
Лебединовка айыл өкмөтүндө “Бирдиктүү терезе” ишке кирди
Элита плюс
Сентябрь 17, 2020 г.
Лебединовка айыл өкмөтүндө “Бирдиктүү терезе” ишке кирди
© Элита плюс

Өлкөнү санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында, Лебединовка айыл өкмөтүндө январь айынан баштап “Бирдиктүү терезе” ишке кирди. Бул жерден тургундар жашагандыгы жөнүндө маалым кат, нике жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк, ошондой эле, арыз, каттарды кабыл алуу иштери жеңилдеди. Мындан тышкары, "Инфаком” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте атайын келишимдер түзүп, “Санарип аймак” жана автоматташтырылган Е-кызматына туташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, Лебединовка айыл өкмөтүндө салык декларациясын тапшыруу электрондук форматка өткөрүлүүдө.