Коом
Күз-кыш мезгилдерине даярдыктар
Элита плюс
Июль 03, 2020 г.
Күз-кыш мезгилдерине даярдыктар
© Элита плюс

Улуттук энергохолдингдин туунду компаниялары күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды көрүүдө. Өлкөнүн мектеп, орто жана жогорку жайларында окуу мезгили толук аяктаган күндөн тартып, электр жана жылуулук бөлүштүрүүчү компанияларында оңдоо капиталдык курулуш жана реконструкциялоо боюнча пландык жумуштар кайрадан башталып азыркы мезгилде жүрүп жатат. Бул жумуштар электр энергиясын берүүнүн убактылуу үзгүлтүккө учуроосун шарттайт. Ал эми авариялык өчүүлөр болгон учурда район, шаарлардагы электр тармактар ишканасында нөөмөттө турган бригадалар ыкчам аракеттеринин негизинде авариялык өчүүлөрдү мүмкүн болушунча аз убакытта калыбына келтирүү чараларын көрөт.