Ийгилик сыры
Кыял ЖЭЭНАЛИЕВА, SММ менеджер: «SММ менеджери бир учурда 4-5 долбоорду иштете алат»
Элита плюс
Сентябрь 02, 2020 г.
Кыял ЖЭЭНАЛИЕВА, SММ менеджер: «SММ менеджери бир учурда 4-5 долбоорду иштете алат»
© Элита плюс
Кыял ЖЭЭНАЛИЕВА, SММ менеджер: «SММ менеджери бир учурда 4-5 долбоорду иштете алат»
© Элита плюс
Кыял ЖЭЭНАЛИЕВА, SММ менеджер: «SММ менеджери бир учурда 4-5 долбоорду иштете алат»
© Элита плюс

Акыркы учурда замандын талабына ылайык жаңы кесиптер күн санап өсүүдө. Эл арасында, өзгөчө социалдык тармактарда «SММ» деген сөз көп айтылып келет. «SММ» (Social Media Marketing) «Дүйнөлүк желээдеги маркетинг» дегенди билдирет. Дүйнөнү дүңгүрөткөн бул кесип тууралуу кененирээк маалымат алууну кааласаңыз Кыргызстан боюнча алгачкылардан болуп SММ менеджерлик кызматты аркалап кела жаткан, тажрыйбалуу адис Кыял Жээналиева менен болгон кызыктуу маеккке назар салыңыз.

- Өзүң тууралуу кененирээк токтоло кетсең?

- Бишкек шаарында төрөлүп-өскөм. Бирок, ата-энем Жети-Өгүздүк болушкандыктан, адамдар менен таанышканда «Жети-Өгүздөн болом» деп таанышам. үй-бүлөдө 4 бир туугандын ортончусумун. Менден улуу 2 агам жана сиңдим бар. «Кыздын бараар жери күйөө» демекчи, турмуш куруп, учурда сүйүктүү жолдошум, мени өз кызындай көргөн кайын атам, кайын энем, кайын сиңдим менен бирге турабыз. Буюрса баары жакшы.

- Бала чагыңда кайсы кесиптин ээси болсом деп кыялданчу элең. Азыр ошол кыялдарың орундалдыбы?

- Кичине кезимде дарыгер болууну самачумун. Эсимде, 5-6 жашка чыгып калганда эмнегедир «Пирожки сатып иштесем» деп кыялданаар элем. Азыр апам «Чоң чараны көтөрүп алып, пирожки сатам дечү элең. Кана сатканың?» деп тамашалап калат. Бирок, кийин менеджерлик кесипти тандадым. Көп жыл аралыгында аталган кесип менен алектенип, тажрыйба топтой алдым. Учурда жеке ишкер катары замандын талабына ылайык эң маанилүү иштерди жасоо менен алекмин.

- Учурда абитуриенттер кесип тандоо менен алышып жүргөн чагы. Адис катары кайсы кесип эң пристиждүү жана маанилүү деп ойлойсуң?

- Акыркы 5 жыл аралыгында ар тармактуу программисттик кесип популярдуу болуп жатканы баарыбызга маалым. Мунун бирден бир себеби, жер жүзүндө технологиянын эң жогоркуу деңгээлде өнүгүшү. Андан сырткары социалдык тармактардын активдүү иштөөсү SММ менеджер, графикалык дизайнерлерди талап кылууда. Андыктан, мектепти аяктап «Кайсы кесипти тандасам?» деп турсаңыз. Эч ойлонбостон төмөндөгү кесиптерди тандай берсеңиз болот.   

- Өзүңдүн кесибиң тууралуу айтсаң? Кантип бул тармакка аралашып калдың?

- Учурда instagram аркылуу ГИВ оюундарын, конкурстарды уюштуруу менен бирге SММ адистигин профессионалдуу түрдө окуп, ар тармактуу билим алып жатам. Бул тармакка аралашып калаганыма амбициясы күчтүү, идеялдуу адамдык сапаттарга ээ, атактуу ырчы Анжелика Кайратовнанын салымы чоң. Себеби, Анжелика айымдын командасында көп жыл жарнамалоо менеджерлик кызматта иштеп жүрдүм. Ал бизге талапты катуу коюп, кандай жумуш болбосун майын чыгара иштөөгө, ишенимдүү, чечкиндүү, болууга үйрөткөн. Азыр ошол алган тажрыйбам жеке жашоомо, иштеген ишиме оң таасирин тийгизип келет. ГИВ конкурсу Кыргызстанга жаңы келип баштаганда биринчилерден болуп Анжелика Кайратовна өз командасы менен уюштурган. Кийинки конкурстун уюштуруу иштерин «Кыял сенин колуңан келет! Башта!» деген сөздөрүн айтып, мага мотивация берген. Көпкө издендим, окудум, сурадым. Акырындык менен instagram тармагын туура иштетүү, ГИВ оюндарын, ар кандай конкурсттарды уюштуруу жолдорун өздөштүрүп алдым. Учурдан пайдаланып бир гана кесип тандоодо берген багыты үчүн эле эмес анын татыктуу жашоого, туура иш алып барууга болгон тарбиясына, ар тараптуу колдоосуна, кеп-кеңешине деги эле адамкерчилигине ыраазычылыгымды билдирип кетким келет.  

- SММ менеджер деген ким? Ал кандай милдеттерди аткарат?

- Жөнөкөй тил менен айтканда SММ менеджеринин аткара турган жумушу интернет аркылуу колдонуучулардын көңүлүн буруп, товарды сатуу үчүн, иш кананын ишин жандантып, жарнамалап, кардарларды өзүнө тартуу. Буюртма берген тараптын имиджин көтөрүү. Азыркы учурда эң көрүнүктүү иш канабы, долбоору же белгилүү адамбы айтор артында тажрыйбалуу SММ менеджер турат. Эгер баштаган ишиңиздин үзүрүн көрөм деп максат койсоңуз сөзсүз түрдө SММ менеджер жалдап алганыңыз туура деп ойлойм.

- Көпчүлүк жооп издеген суроолордун бири, чынында эле instagram ж.б социалдык тармактар аркылуу үйдө отуруп акча тапса болобу?

- Ооба, болот. SММ адистигин терең билген адам көчөгө чыкпастан, физикалык коротпостон үйдө болобу же чакан кеңседе болобу, көп суммадагы акча каражатын тапса болот. Кантип? SММ менеджер бир эле учурда 4-5 чоң долбоорду колго алып иш алып барат. Алардын ар биринин айылыгы 10 миң сомдон жогоруу. Ошондо эсептесеңиз айына 50 миңден жогоруу акча каражатын таба аласыз. Интернет аркылуу SММ менеджерлеринен сырткары атактуу жылдыздар, блогерлер кирешелүү булактын жолун таап, пайда көрүп жаткан учурлары.

- ГИВ конкурстарды ойнотуунун негизги максаты бул…?

- Эң негизги максаты аз убактын ичинде катталуучуларды өзүңө тартуу, алардын санын көбөйтүү. Башкача айтканда кыска убакыт ичинде чоң бир аудиторияны кардарларга алып келип берүү. Кардардын ишеничин актап, катталуучулардын санын көбөйтүү, катталуучуларга кымбат баалуу байгелерди таратуу, уюштуруучулар менен жылдыздарга кандайдыр бир чектелүү суммадагы гонорарга ээ болуу. Бул жерде эч ким кур кол калбайт, жана зыян тартпайт.

- ГИВ оюундарына көпчүлүк эл ишене бербейт, мунун себеби эмнеде деп ойлойсуң?

- Буга чейин ойнотуп келген ГИВтердин жыйынтыгында автоунаа же кымбат белектерди утуп алган адамга белектерди тапырып жатып «ГИВтен ушундай белектерди утуп алам деп ойлодуңуз беле? Ишенчү  белеңиз?» деген суроо узатсак, баардыгы эле «Ишенчү эмесмин» деп жооп берет. Көпчүлүк эл «Кантип эле ушул ырчы же жылдыз. Көп суммадагы акчасын коротуп, instagram да отурган адамга автоунаа же баалуу белек берип калсын?» деген түшүнүктү алып жүрүшөт. Ал ырчы белекке кетирген акчаны жалгыз өз чөнтөгүнөн чыгарбайт. Ал ГИВди уюштурууга демөөрчү катары кошулган кардарлардын жардамы менен акча каражатын чогултуп, белектерди конкурска коюшат. Экинчиден, социалдык тармактардагы алдамчы  баракчаларга катталып жапа чегип калгандар ишенбейт. Биз ойноткон оюундун аягында сөзсүз түрдө ошол жылдыздын өзүн чакырып, өз колу менен белекти тапшыртууга аракет кылабыз. Жана дагы өзүбүз менен бирге баардык каалоочу катталуучуларбызды атайын сый тамакка чакырып, көпчүлүктүн көз алдында калыс, таза, ачык айкын жеңиүүчүнү бирге тандайбыз. үчүнчүдөн ГИВ, конкурс, социалдык тармак туурадуу түшүнүгү аз адамдар ишендейт. Өзүм дагы чет мамлекеттин жылдыздары уюштурган ГИВ оюундарына катышып турам. Байге утуп алуунун эң оңой жолу бул ГИВ конкурстары. Ошондуктан, социалдык тармактардагы ГИВ оюундарына катышып, активдүүлүгүңүздү көргөзүп кирешелүү болуңуз.

- Кайсы атактуулар мн иштешесиң? Алардын кимиси мн иштешүү сен үчүн жеңил?

- Мен иштешкен жылдыздардын көбү коомчулуктада дагы, instagram тармагында дагы эң белгилүү адамдар. Чоң масштабдуу ГИВ конкурсун уюштуп жаткандан кийин демөөрчүлөрдүн, каталуучулардын ишеничине кирүү үчүн, көзүм жеткен, активдүү жылдыздар менен гана иштешем. Себеби, мен үчүн катталуучулардын каалоосу өтө маанилүү. ГИВти баардык эле адамдар ойното бербейт. Анын instagram да активдүүлүгү жогоруу, эл ичинде белгилүү болуусу зарыл. Ошондой жылдыздар булар: Анжелика Кайратовна, Нурлан Насип, Асел Кадырбекова, Айгерим Расул кызы, Айзада Жамгырчиева, Данияр Эрматов, Эмил Эсеналиев ж.б Ар бир иш ар кандай кыйынчылык менен бүтөт эмеспи. Ошол сыяктуу эле ГИВ ойнотуунун дагы өз кыйынчылыгы бар. Мисалы, демөөрчүлөр менен тил табышуу, алардын ишеничин актоо ж.б Эң жеңил иштешүү Данияр Эрматов менен болгон. ГИВ дагы жеңил, ийгиликтүү өткөнү эсимде.

- Бизнести instagram аркылуу өнүктүрүү үчүн катталуучулардын гана саны көп болушу жетиштүүбү же дагы башка иш аракеттер керекпи?

- Мисалы, ГИВ, конкурстарга катышып катталуучу топтоп алгандан кийин сөзсүз түрдө instagram баракчаны иштетүү керек. Ал үчүн чындыгында көп убакыт талап кылынат. Бул кадимкидей эле жумуш. Баракчанын өзүнүн стили, башкаларга окшобогон өзгөсө жасалгалоосу, өң, түс деги эле баракчага киргенде адамды өзүнө тарта турган көрүнүшү, кызыктуу маалыматы болушу зарыл. Атандашуу көп болгондуктан башкалардан өзгөчөлөнүп, кызыктуу сүрөт, видео жүктөп, жаңыланып, тез-тезден конкурстарды уштуруп белектерди берип туруунун пайдасы көп.  

- Өз тажрыйбаңды башкалар менен бөлүшүү идеясы барбы?

- Өзүмдү 100 пайыз профессионал SММ менеджер деп айтуудан алысмын. Себеби, мен интернеттен карап, окуп жүрүп эле өзүм үйрөнүп алгам. Бирок, азыр аталган адистигин тереңдеп билүү максатында атайын билим алып жатам. Буюрса жакын арада чоң жарнамалоо компаниясын ачып, каалоочуларды SММ менеджерликке үйрөтүп, аларды иш орду менен камсыздоо идеясын ишке ашырам.

- Уюшутуручу катары сага берилүүчү кайталанма суроолор?

- Конкурстардын алдында, жылдыздардын баракчаларында уюштуруучу катары менин телефон номерим жазылган. Ошондуктан күнү-түнү тынбай чалуулар, кат жазууларды кабыл алып турам. Көбүнчө «ГИВ оюунун кандай ойнойбуз? Эрежелерин айтып коесузбу?» деген суроолорду узатышат. Андан сырткары уштуруп жаткан жылдыздардан жардам сурап, байланыштырып коюмду суранышат. Ал учурда жакшы сөздөрдү айтып, түшүндүрүп, катталуучулар менен сый болууга аракет кылам.

- Өзүңдүн instagram баракчанда канча катталуучуң бар?

- instagram баракчасын туура иштетүү жолдорун билсем дагы убакыттын тардыгына байланыштуу өзүмдүн баракчамды такыр карабайм. Башкача айтканда профессионал instagram колдоонучу катары эмес жөнөкөй колдонуучу катары колдоном. 200 миңден ашык катталуучуларым бар. Буюрса жогоруда айтып кеткендей жаңы идеяларымды ишке ашырып алсам, өздүк баракчамды дагы ишке киргизип ичин кеңейтем деген ниетим бар.

- Адам өз максатына жетүү үчүн кандай кадамдарды, жасаш керек?

- Эң биринчи адам кыялдануу керек. Кыялдын аркасы менен максатңа жетүү оңой. Кыялданганда чоң, көп, жакшы нерселерди ойлоп, Кудайдан тилеп, талбаган эмгек, күч аракет керек. Мен буга чейин алдыга кандай максат койсом, акырндык менен бардыгы орундалып келе жатат. Андан сырткары адам канча жашта болбосун өзүн өзү өнүктүрүү менен алектенип, ар кандай курстарга, форумдарга катышып, китеп окуп, били алуу чоң ийгилик алып келет.

- Бош убактыңды кантип өткөрөсүң?

- Өзүмөн тышкары 5 жардамчым бар. Бирок ошентсе дагы көп нерсеге жетише албай калган учурлар болот. Интернет жумушу көп убактты алып коет. Ошондуктан, бош убактым чектелүү.  Бош убактымдын көпүлүгүн сүктүү жолдошум менен өткөрөм. Жумуштан чарчаганда жетелешип алып тоо тарапка бет алабыз. Жаратылыш койнунда, жөө басып, шар аккан сууга сырыбызды бөлүшүп өзгөчө бир дем-күч алып, эс алабыз. Андан сыртары ата-энем, бир туугандарымдын үйүнө барып сагыныч таратып, конок болуп келем. Курбуларым менен кезигип, жай отуруп сүйлөшүп, чер жазышып турам.

- Жогоруда «телефонума көп чалуулар, каттар келет» деп айтып калдың. Жолдошун кызганабы?

- Жолдошум орган кызматында иштесе дагы менин жумушумду жакшы түшүнөт. Баардык тараптан колдоп келет. Кызганууга деле себеп жок. Азыркы жетишкен ийгиликтеримдин аркасында жолдошумдун салымы чоң. Экөөбүдүн алдыга койгон максаттарыбыз бир. Буюрса келечекте көп уул-кыздын татыктуу ата-энеси болуп, чоң бир компанияны элдин кызыкчылыгы үчүн иштетип, эл кызматында болобуз деген тилегибиз бар. 

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА