Маданият
Кыял ШАРШЕЕВА, филология илимдеринин кандидаты, теле алып баруучу: “АЯЛ КИШИГЕ КАРЬЕРА МИЛДЕТТҮҮ ЭМЕС”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Кыял ШАРШЕЕВА, филология илимдеринин кандидаты, теле алып баруучу:  “АЯЛ КИШИГЕ КАРЬЕРА МИЛДЕТТҮҮ ЭМЕС”
© Элита плюс
Кыял ШАРШЕЕВА, филология илимдеринин кандидаты, теле алып баруучу:  “АЯЛ КИШИГЕ КАРЬЕРА МИЛДЕТТҮҮ ЭМЕС”
© Элита плюс
Кыял ШАРШЕЕВА, филология илимдеринин кандидаты, теле алып баруучу:  “АЯЛ КИШИГЕ КАРЬЕРА МИЛДЕТТҮҮ ЭМЕС”
© Элита плюс
Кыял ШАРШЕЕВА, филология илимдеринин кандидаты, теле алып баруучу:  “АЯЛ КИШИГЕ КАРЬЕРА МИЛДЕТТҮҮ ЭМЕС”
© Элита плюс

Аялзаты коомдук, мамлекеттик иштерге жигердүү катышуу менен үй-бүлөдө жароокер жар, мээримдүү эне болуп келет. Аты карт тарыхта катылган кыргыздын кыраан кыздары да биз үчүн үлгү. Кыргыз кыздарынын арасынан атагы алыска кетип, эмгеги менен даңкталган асылзат айымдарды бүгүн да коомдук турмуштун бардык жагынан көрүүгө болот. Жогорудагыдай сыймыктуу аялзатынын бири, филология илимдеринин кандидаты, журналист, кыргыз телесинин жүзү Кыял Шаршеева жөнүндө сөз кылгым келип турат. Коомдо татыктуу орун таба билген маектешим - драматург, журналист, коомдук жана мамлекеттик ишмер Кайрат Иманалиевдин өмүрлүк жары. Кыял айым экөөбүз аялзат жана карьера туурасында кызыктуу маек курдук.

  • Кыял айым, куттуу Рамазан айындабыз. Орозо кармадыңызбы, дегеле динге мамилеңиз кандай?

  • Рамазан айыбыз кут болсун! Жакшылыктарды алып келген, ойлогон ойлорубузду ишке ашырган ай болушуна тилектешмин. Ооба, он жылдан бери орозо кармап келем. Быйыл да кармадым. Орозо, биринчиден, ар бир мусулманга парз болсо, экинчиден, ден соолукка пайдалуу. Тазаланып, жеңилдеп каласың. Ошондуктан бардык мусулман бир туугандарыма орозо кармаңыздар деп кеңеш берем. Жолдошум экөөбүз тең маданияттын адамы болсок да динге мамилебиз түз. Жолдошум ажылык парзын аткарып келгенден бери үй-бүлөбүз менен динди карманып шариат жолундабыз.

  • Дикторлук жана журналисттик кесипти бирдей алып жүргөнүңүздү байкайбыз. Көбүнчө дикторлор съёмкага чыкпайт го. Буга эмне себеп?

  • 2004-жылы КТРКнын босогосун аттагам. Быйыл бул жерде иштегениме 15 жыл болот. Азыр деле “Ала-Тоо 24” телеканалында штатта диктормун. Буга өзүмдүн каалоом менен журналисттикти да айкалыштырып келем. Анткени мага алып баруучулук да, журналисттик кесип дагы жагат. Андыктан жаштыгым, каалоом кеткиче өзүмдү ар тараптан сынап эфирге, эл аралап съёмкага чыгып, ар кандай берүүлөрдү алып барып элиме ак кызматымды кыла бергим келет. Бир орунда турбай бардык жактап өскүсү келген адамдардын катарын толуктайм. Диктор катары даяр нерсеге көнгүм келбейт. Чыгармачылык жактан өссөм, мыкты журналист да, мыкты педагог да болсом деген аракеттемин.

  • Журналистикага, ТВга болгон кадамыңыз кандайча башталган?

  • Чыгармачылыкка кичинемден жакынмын. Мектептен, жогорку окуу жайында ар кандай иш-чараларды алып барып калчумун. Караколдо окугандыктан кийин облустук телевидениеге барып сюжет деген эмне, текст кантип жазылат, кадр сыртындагы текст кандай окуларын өзүмө сиңирип, бул жол меники экенин түшүнгөм. Кийин борборго келип КТРКга иштеп калдым. 2004-жылдары Мырзакул Мамбеталиев агай эфирге чыгарып көрдү. “Үнү, тембри маалымат окууга жарайт экен” дешип алгач 5 мүнөттүк жаңылык окууга чыгарышкан. Мына ошентип ТВга болгон кадамым башталган. Алгач 3 ай штатка алынбай эле жаңылык окуп жүрдүм. Андан кийин штатка алынып иштеп кеттим. Келгенде эле ушул “Ала-Тоо” программасына келгем, ошондон бери ушул жерде эмгектенип келатам.

  • Ар бир эле диктордун алгачкы эфири эсинде болсо керек?..

  • Албетте, 5 мүнөттүк эфир болсо да аябай толкундангам. Анда текстти өзүбүз жазып, которуп, айтор, эфирди өзүбүз даярдачубуз. Бир туруп 5 мүнөттү кантип толтурам деп ойлонсом, бир туруп жаңылбай окусам экен дечүмүн. Санааркап, тынчсызданып жатып кээ күнү түшүмө да кирчү. Азыр эми бир топ кишинин колунан өтүп бир аз жеңилирээк болуп калды. Жаңылыктарды которуп, текст жазып, кийинип, гримёркага барсам, ал жакка кезекке тургандар көп болчу. Айла жок чачымды түйө калып, өзүм боёнуп алып эфирге чыгып кетчүмүн. Негизи ар бир эфирдин өзүнүн сүрү, толкундоосу болот. Ошондуктан ар бир эфирге санааркайсың. Көп жыл иштеп такшалып калсак да азыр деле эфирге чыгабызбы, концерт алып барабызбы, тынчсызданабыз.

  • “Журналистика - оор кесип, анын ичинен ТВнын иши өтө түйшүктүү. Анын үстүнө көрө албастыктын, интриганын очогу” дешет. Тажаганда таштап салып басып кеткиңиз келген учур болгонбу?

  • Жок, андай ой бир да жолу болгон эмес. Албетте, кыйынчылык болбой койбойт. Андай учурду сабырдуулук менен жеңем. Жашоонун кыйынчылыгына башымды ийип жеңилип бергим келбейт. Өзүмдү башка тармактан элестете дагы албайм.

  • Сизди Эл аралык Кувейт университетинен көрүп калабыз, ошол жакта сабак бересизби? Педагог дагы окшойсуз?

  • Студент кезимен илимге кызыгам. Ошондуктан КТРКга келгенге чейин Улуттук илимдер академиясында илимий кызматкер катары иштечүмүн. 2010-жылы филология илимдери боюнча кандидаттыгымды жактаганда педагогдук иш менен алектене баштагам. Анын үстүнө телевидениеден топтогон тажрыйбамды жаштар менен бөлүшүүнү туура көрдүм. Бул жактан алган практикамды Эл аралык Кувейт университетинин журналистика факультетинде теория катары берип келем. Студенттеримдин көбү өз адистиги менен иштеп, ал турсун, жакшы ийгиликтерди жаратып жүрүшөт. Студенттериме чек койбойм. Алардын журналистика боюнча суроолоруна гана эмес, турмуштук жактан кызыккан суроолоруна да жооп берип ийгилик сырын аянбайм. Университеттен сырткары да жеке академияларда сабак берем.

  • Мүнөз кесипке карап өзгөрөбү же мүнөзгө карап кесип тандалабы?

  • Мен жаш кезимде азыркыдан таптакыр башкача элем. Орусча айтканда, “шустрая” болчумун. Акыркы жылдары бир топ эле өзгөрдүм. Кесибим өзгөрттүбү, жашоо-турмуш өзгөрттүбү, же дин өзгөрттүбү, билбейм. Мурун сабырым жок болчу. Оюмда эмне болсо, жаман көрөбү, жакшы көрөбү, же көңүлү ооруп калабы дебей бетке айтат элем. Азыр адамдын көңүлүнө карайм, кечиримдүү болууга үйрөндүм. Барга да, жокко да топук кылып, шүгүрчүлүк келтиргенге тарбияландым.

  • ТВ кооздукту, сулуулукту талап кылат. Сиз теленин жүзү катары сулуулугуңузду, жаштыгыңызды сактоонун кандай аракетин көрөсүз?

  • Адамдын ички дүйнөсү канчалык сулуу болсо, ал баары бир сыртына чыгат. Негизи сулуу эмес адам болбойт. Бирөөнүн жан дүйнөсү сулуу болсо, бирөөнүн мүнөзү сулуу. Мен жаратылышыман табигый, нукура сулуулукту баалайм. Бетине ийне сайдырып, кашын чийдирип, салонго күнүгө каттап же эстетикалык хирургиянын кызматын пайдалангандарды жактырбайм. Жадакалса тырмак өстүрүп, боёбойм. Кээде гана концерт алып барып же эфирге чыгып калганда адистердин кызматын пайдаланам. Жаш болуп жүрөйүн, сулуу болоюн деп такыр аракет көрбөйм. Болгон турган-турпатым ушул. Болгону ушул убакытка чейин бирөөгө жамандык кылып, бут тосуп, көрө албастык кылган жан эмесмин. Эч кимге зыян келтирбесең, ички дүйнөң таза болсо, ошол сулуу адам деп түшүнөм.

  • Телевидениеде, жогорку окуу жайында иштейсиз. Андан сырткары жеке курстарыңыз дагы бар экен. Өзүңүзгө убакыт ашабы, аны кайда коротосуз?

  • Убакытты туура пайдалансаң, бардык нерсеге жеткирсе болот. Болгону убакытты туура бөлүштүргөндү өздөштүрүү зарыл. Бир күндө аткарылчу иштерди тизмелеп алып, түзүлгөн план боюнча маанилүүсүнөн баштап иштей берем. Мурда жаш кезде жеңил нерселерге көп убакыт коротконума өкүнүп, азыр пайдалуулугуна карап аткарып калдым. Бош убактымды балдарыма, жолдошума, үй тиричилигине жана өзүмдү өнүктүрүүгө арнайм.

  • Ашканада кандайсыз? Үйдө көбүнчө кайсы тамактар жасалат?

  • Даяр тамак-ашты жактырбайм. Өз колум менен жасаганды жакшы көрөм. Андыктан тамак-ашты мыктылап өздөштүрөйүн деп убагында кулинардык курстарга дагы баргам. Бул нерсе аял киши болгондон кийин баары бир керек. Мактангандай болбоюн, бирок улуттук ашкана менен катар эле европа же чыгыш ашканасынын тамактарын жакшы даярдап, өзгөчө ашты жакшы басып, лагманды даамдуу жасайм. Бирок кандай тамак болбосун, ошого берилип, болгон дитиңди арнап жасасаң, ал сөзсүз даамдуу болот. Ар бир тамагым даарат менен жана “бисмилляхи рахмани рахим” сөзү менен даярдалат. “Эркек ыймандуу болсо ырыскы босогого келет, аял ыймандуу болсо ырыскы төргө чыгат” дешет. Ошондуктан балдарым таза тамак жесин деп аракеттенем. Конокко көп барып, үйүбүздөн да конок үзүлбөйт. Андайда башкалардын дасторконунан өзгөчөлөнгүм келип, меню түзүп, айтор, жарым ай мурун даярдык көрүп баштайм.

  • Балдарыңыз тууралуу айтсаңыз, аларды тарбиялоодо кандайдыр бир принциптер барбы?

  • Бир кыз, эки уулубуз удаа чоңоюп келе жатышат. “Баланы тарбиялоо түйүлдүк кезинен башталат” дегенди колдойм. Өзүм да бой кат болгондон баштап сүйлөшүп, тарбиялап баштайм. Анан оорубай чоңоюп, эне-атасына күйүмдүү, элге-журтка пайдалуу инсан болсо деп Кудайдан тиленем. “Адам бардык жактан сулуу болушу керек”, - деп Чеховдун айтканы бар го, анын сыңарындай, балдарым бардык жактан жакшы деген атка татыктуу болсо дейм. Кызым азырынча кичинекей, болгону 9 жашта. Сабакты жакшы окуйт. “Окуу менен эле чектелбей, үй оокатын да жаса. Аял киши үй оокатын да билиши керек, үйрөн”, - деп акырын айтып, үй ишин көрсөтүп берип үйрөткөнгө жан үрөйм. Балдарды тарбиялоодо эненин ролу чоң, бекеринен “эне – мектеп” деп айтылбайт. Адеп-ахлак, ыйман, билимине көңүл бөлүп, “атаны сыйлагыла, улууну урматтап, кичүүнү ызааттагыла”, - деп үйрөтүп пайдубалын жакшы түптөбөсө, кийин кеч болуп калат. Ар убак балдарыбыздын жакшы инсан болушуна колуман келишинче аракеттенем.

  • “Аял үй-бүлө менен карьераны бир алып кете албайт. Бири алдыга кетсе, бири артта калат” дешет. Сиз буга кошуласызбы?

  • Бул нерсе эми адамдын дээринен болот го дейм. Бирок үйгө да, жумушка да жетишсе болот. Аны мен өз башыман, тажрыйбамдан өткөрүп жатам. Карьерага кызыккан адам эмесмин. Болгону иштейин, эмгекчил болоюн деп аракет кылам. Балдарым атасы менен сыймыктанышат. Убагы келгенде мен дагы балдарыма жасаган эмгектерим менен үлгү болгум келет. Аял үйдөн бардыгына жетишип жатса, өзүң сүйгөн иш менен эмнеге алектенгенге болбосун?

  • “Негизи кыргыз айымдарына карьера жасоо оор” дешет. Сиздин көз карашыңызда биринчи турмушка чыгып алып, карьера жасоо оңбу же карьера жасап алып, анан турмушка чыкканбы?

  • Студенттерим менен ушул туурасында дайыма сүйлөшөбүз. Аял үчүн биринчи бакыт үй-бүлө экендигин аларга дайыма айтам. Аял коомдо канчалык бийиктикке жеткени менен үйгө келгенде үйү аңгырап бош турса, төшөгү муздак болсо, эч ким апалап турбаса, анын кимге кереги бар? Аял кишиге карьера милдеттүү эмес. Ал үйдө отуруп беш баланы төрөп, күйөөсү коомдо барктуу инсан болсо, ошол аял сыйлуу болот. Ошондуктан аял киши турмушка чыгып, күйөөсүн көтөрмөлөп, колдоп турушу керек.

  • Аял канча билимдүү, таланттуу болсо деле эгер күйөөсү колдобосо, ийгилик жарата албайт. Бул жагынан сизге Кайрат Олжобаевич кандай күйөө?

  • Албетте, мени, биринчиден, Кудай, андан кийин жолдошум колдойт. Жолдошум түшүнүктүү, кең пейил, жакшы адам. Экөөбүз тең маданияттын адамыбыз. Жолдошум да КТРКда 25 жыл иштеп катардагы журналисттен баштап жетекчилик кызматка чейин жетти. Бири-бирибизди түшүнүп, колдоп бактылуу жашап келатабыз. Турмуштук жактан мен ага, жумуш жактан ал мага кеңешип айтып турат. Ал түшүнбөсө, колдобосо, мен иштебейт элем. Көп жылдык эмгегим бааланып бир жылы кесиптик майрамыбызда “Мыкты кызматкер” деген төш белги менен сыйланып калдым. Сыйлыгымды алып, кубанып үйгө кетип баратсам, алдымда кетип бараткан эки аял “күйөөсү эле алып берди да” деп сүйлөшүп баратышат. Үйгө барып: “Өз эмгегим менен алсам деле баары бир сени “алып берди” дешет экен, андан көрө сен эле алып берсең болмок экен”, - деп Кайратка айтып ызаланганым эсимде. Анын сыңары, “күйөөсү алып берди” деген сөздөрдү укпайын деп талыкпай иштеп келем. Жолдошум “иштебей, үйдө отур” десе, мен ага деле макулмун. Бирок ал менин иштешимди каалайт, “аял кишинин кечке үйдө отурганы болбойт. Иште”, - деп колдоп турат.

  • Кантип таанышып калгансыздар?

  • Биз бир мектепте окуганбыз. Мектепте лидер болгондуктан бардыгы сыйлап турчу. Кийин биздин лицейге сабак да берип калды. Ошондо ошол жигиттин жары болуп каларым үч уктасам түшүмө кирген эмес. Кийин ал борборго иштеп кетти, кийинчерээк борборго мен келдим. Бишкекте Илимдер академиясында иштеп жүрүп кайрадан жолугуп калдык. Анда ал КТРКда иштеп жатыптыр. Мен аны үйлөнгөн болсо керек деп ойлогом, көрсө, үйлөнө элек экен. Ошентип, кээде жолукканда сүйлөшүп калчубуз. Бир күнү ала качып кетти. Анда болгону 21 жашта болчумун. Күйөөгө тием деген эч ой жок, болгон ой-санаамдын баары илим болуп жүргөн кез эле. “Кыз түшкөн жерде оор” демекчи, Кудай буйруп бир үй-бүлө болуп калдык. Кайратка жолуктурган тагдырыма ыраазымын. Өзүмдү дайыма Кайраттан бир эмес, бир нече тепкич ылдый коём. Көп жерден жол бошотом. Анткени жолдошум менден билимдүү, менден акылдуу, менден таланттуу. Негизи эле эркектин жолу улуу, аларга теңтайлаша берген болбойт.