Дүйнөдө
Кытайдын космостук аппараты Айдан Жерге ийгиликтүү учуп келди
Элита плюс
Декабрь 17, 2020 г.
Кытайдын космостук аппараты Айдан Жерге ийгиликтүү учуп келди
© Элита плюс

Кытайдын учкучу жок "Чанъэ-5" аттуу космостук аппаратынын капсуласы Айдан Жерге ийгиликтүү учуп келди. Бул тууралуу расмий маалыматка таянуу менен дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Анда жазылган маалыматка ылайык, 300 килограммдык космостук капсула Кытайдын түндүгүндөгү Монголиянын Сыцзыван автономдуу районунда планга жараша конуу жасаган. Аппарат 2 килограммга жакын Айдын топурагын алып келүү үчүн учурулган. Кытай АКШ жана СССР космостук капсуласын Айга учурган 3-өлкө болду. "Чанъэ-5" аппаратын 24-ноябрда учурган.

Акыркы жолу 1976-жылы советтик "Луна-24" аппараты аркылуу Айдан топурак алып келингени жазылат маалыматта.