Маданият
Кытайдын “Дүйнөлүк адабият” журналында кыргыз чыгармалары чыкты
Элита плюс
Сентябрь 25, 2020 г.
Кытайдын “Дүйнөлүк адабият” журналында кыргыз чыгармалары чыкты
© Элита плюс

Кытайдын “Дүйнөлүк адабият” журналында белгилүү кыргыз жазуучуларынын чыгармалары кытай тилинде жарыяланды. Журналдын жаңы санында Чыңгыз Айтматовдун “Манас атанын ак кар, көк музу” аттуу публицистикасы, Мар Байжиевдин “Каракурт” чыгармасы жана Султан Раевдин “Ит жашоо” чыгармалары жарыяланган. Мындан тышкары, Пекин академиясынын профессору Ж.Турдунун "Кыргызстандын заманбап адабияттары", аттуу макаласы жарык көргөн.