Аймактар
Кытайдан келген адистер жаңы келген техникаларды окутуп үйрөтүшүүдө
Элита плюс
Март 24, 2023 г.
Кытайдан келген адистер жаңы келген техникаларды окутуп үйрөтүшүүдө
© Элита плюс

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча өрткө каршы айдоочу техник кызматкерлери атайын сабактарга катышууда.

Ведомстводон билдиришкендей, аларга Кытайдан келген адистер жаңыдан алып келинген техникаларды окутуп үйрөтүп жатышат. ӨКМ куткаруучулары заманбап техникаларды абдан бат өздөштүрүп жатышканын адистер да белгилешип, кыргызстандык кесиптештер менен иштешүү жеңил болгонун айтышууда.

Белгилей кетсек, ушул жылдын март айында КР ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгына өрт өчүрүүчүлөр үчүн атайын жабдыктар жана жалпы 10 даана HOWO үлгүсүндөгү ар кандай шарттагы өрттү өчүрүүгө, авариялык куткаруу иштерин жоюуга ылайыкталган техникалар, анын ичинде бийиктиги 54 метрге жете турган атайын шатысы бар унаа жана КР ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө 18 жаңы техника тапшырылган.