Дүйнөдө
Кытайда тооктун канаттарынан коронавирус инфекциясы табылды
Элита плюс
Август 14, 2020 г.
Кытайда тооктун канаттарынан коронавирус инфекциясы табылды
© Элита плюс

Коңшу Кытайдын Шенжен шаарына Бразилиядан ири көлөмдө келген тооктун канаттарынан коронавирус инфекциясы табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, тооктун канаттарынан инфекция табылгандан кийин Кытай бийлиги дароо байланышкан адамдарды медициналык мекемелерге алып барган. Жыйынтыгында эч кимисинен инфекция табылган эмес. Бул окуя боюнча дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирүү жасап, коронавирусту тамак-аш аркылуу жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгү өтө эле аз экенин айтты. "Азыркы учурда коронавирустун тамак-аш же таңгакталган азык-түлүк аркылуу жуккандыгы жөнүндө эч кандай далил жок", - деп билдирген уюм.