Дүйнөдө
Кытайда коронавирус кайрадан күч алууда
Элита плюс
Июнь 19, 2020 г.
Көрүүлөр: 0
Кытайда коронавирус кайрадан күч алууда
© Элита плюс

Кытайдын Пекин шаарында коронавирустун жайылуусу кайрадан күч алды. Мындан улам, өлкөдөгү эки эл аралык аэропорттогу 1255 каттам токтотулду. Ошондой эле Пекинде бардык мектептер менен жогорку окуу жайлар жабылууда. Кытайдын башка аймактарынан келүүчү туристтик топтордун Пекинге баруусуна жана эпидемиологиялык коркунучтун деңгээли жогору болгон аймактардын жашоочуларына шаардан чыгууга тыюу салынды.  Ишемби күнү Пекинде ири «Синьфади» дүң соода борборунда коронавирустук инфекциянын жаңы очогу пайда болуп, базар убактылуу жабылган. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, вирус кесүүчү такталарда табылган. Пекин бийлиги бардык компанияларга жана ишканаларга жумушчуларды 14 күнгө карантинге жиберүүнү буйрук кылды. Фэнтай районундагы 11 кварталга өзүн-өзү изоляциялоо режими кайрадан киргизилди. Ошондой эле Хебей провинциясындагы 11 миллион калкы бар Баодин шаарында аскердик режим киргизилди.