Дүйнөдө
Кытай лидери Си Цзиньпин элин тамак-ашка ысырапкорчулукту токтотууга чакырды
Элита плюс
Август 12, 2020 г.
Кытай лидери Си Цзиньпин элин тамак-ашка ысырапкорчулукту токтотууга чакырды
© Элита плюс

Кытай лидери Си Цзиньпин элин тамак-ашка ысырапкорчулукту токтотуп, үнөмдүү пайдаланууга чакырды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды. Өз кайрылуусунда Кытай лидери тамак-ашка ысырапкорчулук менен мамиле көңүл оорутарлык болуп жатканына токтолду.Си Цзиньпиндин айтымында, Кытайда буудай өндүрүү жогорулап баратканына карабай, тамак-аш коопсуздугу жагында коркунучтар дайыма бар экенин унутпоо зарыл. Ага бул жолку пандемия жакшы сабак боло алды дейт.