Коом
Кытай карызын төлөө мөөнөтү узартылды
Элита плюс
Ноябрь 12, 2020 г.
Кытай карызын төлөө мөөнөтү узартылды
© Элита плюс

Кытай карызын төлөө мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу маалыматты Каржы министрлигинин Мамлекеттик карыз башкармалыгынын башчысы Руслан Татиков билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытай Кыргызстандын насыя төлөө боюнча мөөнөтүн узартууга макулдугун берген, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок, Кытай тарап узартуунун чоо-жайын ачыкка чыгарбоону суранган. 

"Азыр араб донорлору - Абу-Даби Фонду, Сауд Аравиясы жана Кувейт Фонддору, Түркия Республикасы жана Париж клубунун мүчөлөрү - Германия, Түштүк Корея, Япония, Франция жана Дания менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", -дейт Татиков.