Коом
Кышкы каникулда окуучулар 12 күн эс алышат
Элита плюс
Декабрь 25, 2020 г.
Кышкы каникулда окуучулар 12 күн эс алышат
© Элита плюс

Өлкөдө билим берүү уюмдарынын негизги окуу планына ылайык, кышкы каникулдар 2020-жылдын 30-декабрынан 2021-жылдын 10-январына чейин созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, үчүнчү чейректин алдында окуучулар 12 күн эс алышат. 2021-жылдын 11-январы - үчүнчү чейректин алгачкы окуу күнү.