Коом
Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакцинанын биринчи партиясы келди
Элита плюс
Сентябрь 15, 2020 г.
Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакцинанын биринчи партиясы келди
© Элита плюс

Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакцинанын биринчи партиясы келди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Анын айтымында, сатылып алынган вакцина Россияда өндүрүлгөн. "Кечээ күнү сасык тумоого каршы 119 миң 600 вакцина келди. Азыр алар аймактар боюнча бөлүштүрүлүп жатат. Жакын арада тобокел тобуна кирген адамдар - 63 жаштан улуу адамдар, 5 жашка чейинки балдар, өнөкөт оорулары бар кишилер, калктын аялуу катмарындагы адамдар эмдөөдөн өткөрүлөт. Ошондой эле 700 миң вакцина алууга тендер жарыяланган", - деди ал.