Коом
Кыргызстанга пандемия башталгандан бери Орусиядан 22 миңден ашык жаран келди
Элита плюс
Август 04, 2020 г.
Кыргызстанга пандемия башталгандан бери Орусиядан 22 миңден ашык жаран келди
© Элита плюс

2020-жылдын 1-июлунан 31-июлга чейин Орусиядан Кыргызстанга 35 чартердик авиакаттам жана 32 автобус менен 7986 жүргүнчү алып келинди. Анын ичинде Орусиянын 6 облусунан — Москва, Новосибирск, Екатеринбург, Оренбург, Самара, Санкт-Петербург облустарынан келишти.

20-марттан 3-августка чейин Орусиядан 22 миң 440 кыргызстандык мекенине кайтты. Орусиядан 93 авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург, Самара облустарынан 52 автобус уюштурулган.

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу, туруктуу авиакаттамдар жүргүзүлө элек. Орусия-Казакстан чек арасы жабык.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жарандарды чыдамдуу болууга жана россия-казакстан чек арасы тарапка барбоого чакырат.

Жумуш табуу боюнча жардам керек болсо, жарандар төмөнкү дарек боюнча Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгүнө кайрылса болот.