Ийгилик сыры
Кыргызстанга кытайлык жоон топ туристтер келди
Элита плюс
Апрель 19, 2023 г.
Кыргызстанга кытайлык жоон топ туристтер келди
© Элита плюс
Кыргызстанга кытайлык жоон топ туристтер келди
© Элита плюс

Кыргызстанга Кытайдан туристтердин жоон тобу келди, бул алардын пандемиядан берки алгачкы сапары.

КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, жалпысынан Кытайдын ар кайсы шаарларынан 20 адам келген.

опко Кытайдын ар кайсы шаарларынан 20 адам кирген. Алар Үрүмчүдөн Бишкекке учуп келишкен.

"Үч күн бою кытайлык туристтер Чүй жана Ысык-Көл облусундагы кооз жерлерди кыдырышат. Андан соң Казакстан аркылуу автобус менен кетишет", - дешти фонддон.

Буга чейин Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду кытайлык туроператорлор жана КЭРнын Коммерция министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөргөн. Анда фонддун кызматкерлери конокторго өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип, кооз жерлерди көрсөтүшкөн. Кытайлык гиддер анда Кыргызстандын бардык аймагында болуп, Бишкек-Ош трассасы аркылуу жүрүшкөн. Жыйынтыгында кытайлык өнөктөштөр КЭР туристтери үчүн топтомдуу тур уюштурууну иштеп чыгуу сунушун айтышкан. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду аларга сунушту ишке ашырууга көмөк көрсөтүп, андан тышкары, кытайлык туристтерге электрондук визаларды жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берүүнү демилгелеген.

"Туристтер Кытайдан Хоргоско кирип, андан соң Алматыга, кийин Бишкекке жол тартат. Бишкектен өлкөнүн түштүгүнө, кийин Ош аркылуу Өзбекстанга жөнөп кетишет. Кытайлык компаниялар үч өлкөгө тур жасоону сунушташты: Казакстанга, Кыргызстанга, Өзбекстанга", - деп билдирди фонддун вице-президенти Абдисаит Каримбеков.