Коом
Кыргызстанга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 100 кычкылтек концентраторун берди
Элита плюс
Август 19, 2020 г.
Кыргызстанга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 100 кычкылтек концентраторун берди
© Элита плюс

 Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга 100 кычкылтек концентраторун берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 59 миң долларды түзөт.

"Кычкылтек концентраторлору респиратордук жугуштуу ооруларды дарылоодо чоң мааниге ээ. Концентраторлор канында кычкылтектин деңгээли нормадан төмөн түшүп кеткен COVID-19 илдети менен ооруган оор абалдагы бейтаптарды таза, жогорку сапаттагы жана тиешелүү концентрациядагы кычкылтек менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Аталган каражаттар Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча COVID-19 илдетине каршы иш-аракеттерди колдоо максатында берилди. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кычкылтек концентраторлорун өлкөдөгү ооруканаларга бөлүштүрүүнү пландаштырууда", - деп билдирет министрлик.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирген.

"Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тутумуна көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүп келет. Биз буга чейин гуманитардык жардамдын бир нече партиясын алганбыз. Биздин жарандардын ден соолугун коргоо үчүн биргелешкен жана жемиштүү иш-аракеттерибиз ийгиликтүү улана берет деп ишенебиз", - деди ал.

"Бул гуманитардык жардам COVID-19 илдети менен күрөшүүнүн жана анын өлкөнүн саламаттык сактоо системасына тийгизген таасирин азайтуунун бир бөлүгү. Бул колдоо саламаттык сактоо тутумун чыңдап, COVID-19 пандемиясына каршы биргелешкен аракеттерибизге кошумча түрткү берет деген ниеттебиз", - деди Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга жеке коргонуучу каражаттарды, ПЧР-тест үчүн топтомдорду, лабораториялык чыгымдык материалдарды берге