Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Дүйнөлүк Банктын жана ЮНИСЕФтин колдоосу астында 74 миң 700 даана беткап (FPP2) жана 56 миң даана коргоочу кийим берилди. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, министрлик беткаптарды жана жеке коргоочу кажаттарды өлкөгө таасирин тийгизип жаткан пандемияга чара көрүүдөгү учурдагы күч-аракеттерди колдоо үчүн пайдаланмакчы.

"Бул тапшыруулар Дүйнөлүк банкка жайгаштырылган Пандемияга жооп катары өзгөчө кырдаалдардагы чараларды каржылоо фондунан алынган камсыздандыруу төлөмүнүн эсебинен каржыланды. Фонддун ишмердүүлүгү 2016-жылы тиешелүү өлкөлөр үчүн, алар транс чек аралык, ири масштабдуу оорулардын чыгышына бет келишкен учурда каржылоонун кошумча булагын камсыздоо максатында башталган. Саламаттык сактоо министрлиги ЮНИСЕФти Кыргыз Республикасынын атынан 1 миллион АКШ доллары өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмүн пайдалануу менен макулдашылган иш-чараларды аткарууга номинациялаган", - деп айтылат маалыматта.

Дүйнөлүк банк ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигин COVID-19га таандык болгон эки долбоор аркылуу колдоп жатат.

Долбоорлор ооруканаларга жана медициналык мекемелерге, лабораторияларга жана чек ара пункттары үчүн зарыл болгон негизги медициналык ресурстарды, жабдууларды жана дары-дармектерди каржылайт.

"ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө алдыңкы чектерде иштегендерге зарыл болгон материалдарды берүү, ошондой эле жалпы чара көрүүнүн алкагында ар бир баланын ийгиликтүү өнүгүүсүн жана өсүшүн камсыздоо менен COVID-19 пандемиясына жооп катары колдоо көрсөтүүсүн улантат", - деп айтылат маалыматт.