Коом
Кыргызстанга акча которуулар азайды
Элита плюс
Сентябрь 24, 2020 г.
Кыргызстанга акча которуулар 9,3 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында акча которуулардын көлөмү 1225,3 млн долларды түздү. Ал 2019-жылга салыштырмалуу 9,3%га төмөн.
Алыбаев акча которуулардын кыскарышына жарандардын мекенине кайтышы жана иштеген өлкөлөрүндө ишканалардын жабылышы себеп болгонун айтат.
"Инфляцияга токтоло турган болсом 8 айдын ичинде инфляция 5,6 пайызды түздү. Ал эми валюталык рынокто акыбал туруктуу.", - дейт ал.