Кыргызстанга 243 млн АКШ доллар тышкы жардам келди
Элита плюс
Май 15, 2020 г.
Кыргызстанга 243 млн АКШ доллар тышкы жардам келди
© Элита плюс
Кыргызстанга 243 млн АКШ доллар тышкы жардам келди
© Элита плюс

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанга 243 млн АКШ доллар тышкы жардам келди. Алардын ичинен 120 млн АКШ доллары – бул Эл аралык валюта фондунун биринчи траншы, ал марттын аягында келген. Конвертациядан кийин бул каражат болжол менен 10 млрд сомду түздү. Алар, биринчи кезекте, бюджеттин корголгон беренелерине багытталган:
 4 млрд сом – айлык акыларды төлөөгө,
 1,8 млрд сом – Социалдык фондго,
 1,2 млрд сом – Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна,
 дээрлик 1 млрд сом жөлөк пулдарга.

“Экинчи транш – 120 млн АКШ доллар 2020-жылдын 13-майында келди жана азырынча пайдаланыла элек”, - деп билдирди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.
 Анын айтымында, ошондой эле ар кандай булактардан коронавируска каршы күрөшүү максатында саламаттык сактоо линиясы боюнча гумжардам катары медициналык каражаттар, азык-түлүк жардам, тесттер жана башка жалпы 1,8 млн долларлык жардам келген.