Коом
Кыргызстандын сурдо эркин күрөш боюнча курама командасы 3 медаль утту
Элита плюс
Март 11, 2023 г.
Кыргызстандын сурдо эркин күрөш боюнча курама командасы 3 медаль утту
© Элита плюс
Кыргызстандын сурдо эркин күрөш боюнча курама командасы 3 медаль утту
© Элита плюс
Кыргызстандын сурдо эркин күрөш боюнча курама командасы 3 медаль утту
© Элита плюс

Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия-Тынч океан сурдочемпионатында Кыргызстандын сурдо эркин күрөш боюнча курама командасы 3 медаль утту.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, балбандар 1 алтын, 1 күмүш, 1 коло жеңди.

Мелдештин биринчи күнү килемде 57, 65, 75, 86, 97 кг салмак категорияларында беттештер өттү. 74 кг салмак категориясында Адилет Жапаркулов алтын медалга ээ болду. Ал эми 97 кг салмакта Нарту Абдурахманов күмүш медаль жана 65 кг салмак даражасында Алмаз Исаков коло медаль тагынышты.