Коом
КЫРГЫЗСТАНДЫН МАЙЫПТАР АССОЦИАЦИЯсынын курамына кирген майыптар коомдук бирикмелеринин кайрылуусу
Элита плюс
Март 31, 2020 г.
КЫРГЫЗСТАНДЫН МАЙЫПТАР АССОЦИАЦИЯсынын курамына кирген майыптар коомдук бирикмелеринин кайрылуусу
© Элита плюс
КЫРГЫЗСТАНДЫН МАЙЫПТАР АССОЦИАЦИЯсынын курамына кирген майыптар коомдук бирикмелеринин кайрылуусу
© Элита плюс
КЫРГЫЗСТАНДЫН МАЙЫПТАР АССОЦИАЦИЯсынын курамына кирген майыптар коомдук бирикмелеринин кайрылуусу
© Элита плюс
КЫРГЫЗСТАНДЫН МАЙЫПТАР АССОЦИАЦИЯсынын курамына кирген майыптар коомдук бирикмелеринин кайрылуусу
© Элита плюс

КР маданият, маалымат жана туризм министри А.Жаманкуловго, КТРКнын Башкы директору Жайнак Үсөн уулуна, ЭлТРдин директору Керимбек Калыкуловго

Биздин Сиздерге кайрылып жаткандыгыбыздын себеби, элибиздин башына оор сыноо келип, өзгөчө абал киргизилип, элдин саламаттыгын сактоодогу жасалып жаткан камкордук, иш-аракеттерди ар-бир жараан туура жана жоопкерчиликтүү аткарса деген тилегибизди билдирип, үйдө отуруп жаткан чакта, ар кимибиз балдарыбыз, неберелерибиз менен бирге пайдалуу убакыт өткөргөнгө шарт түзүлгөнүн белгилейбиз.

Албетте, телевидение, радиодо жана интернет булактардан вирустан сактануу жөнүндө жана ага байланыштуу дүйнө жүзүнөн берилип жаткан маалыматтар аркылуу кабар алып жаткандыгыбыз анык. Мамлекеттик бийлик менен ишкерлер учурдагы түзүлгөн абалдан улам турмуш шарттары өтө начар кары-картаңдарга, ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, жалгыз бой энелерге, жетим-жесирлерге нормага ылайыктап керектүү тамак-аш, дары-дармектер менен өз учурунда камсыз кылып жаткандарына көңүлүбүз жылып, аларга Жараткан Өзү дем менен күч-кубат берсин деп тилек кылып отурабыз.

Ал эми Кыргызстанда элдин дээрлик көпчүлүгү “КТР”, “ЭлТР” жана “Маданият, тарых жана тил” каналдарын көрөөрү белгилүү болгондуктан, бала-чакабыз менен чогуу отуруп сыналгыны көргөнгө, батыштын кинотасмаларын четтетип, тарбиялык мааниси терең, атуулдук, мекенчилдик парасатка о.э. бийик адамгерчиликке үйрөткөн, жан-дүйнөгө бийик сезимдерди уялаткан, улуу адамдык саппаттарды ойготуп, жарык дүйнөгө жаралып - элге кандай ак кызмат кылам деген терең ойго салган, шедеврге айланган кыргыз көркөм тасмаларды биринен сала бирин көрсөтүп турсаңыздар тарбиялык чоң олжо болоор эле деген сунуш менен кайрылууну туура көрдүк. Алмуздактан бери карай ата-бабаларыбыз баштан кечирген сыноолорду, ар-кайсы доордун шартында сабырдуулук, кайраттуулук, көтөрүмдүүлүк, эр жүрөктүүлүк жана акылмандуулук менен жеңип, Ала-Тообузду, Ысык-Көлүбүздү келечекке таберик кылып калтырганын бала-чакабыз биз менен чогуу экрандан көрүп таасир алышса деген тилекти айткыбыз келди. Бул учурга чейин деле теледен көркөм тасмалар көрсөтүлүп жатканы анык, бирок, бала-чака иште, окууда ж.б. көр тирлик жагдайлардын кулу болуп, буга чейин бүгүнкү күндөгүдөй ата-эне менен чогуу-чаран теледен тасма көргөнгө шарт болгон эмес. Чогуу көргөндүн бир маанилүү жери – турмуштук тажрыйбага бай ата-эне окуяга кошо сүңгүп кирип чогуу талкуулоо менен бирге өздөрүнүн көз карашын билдирип, көргөн билгенин кошумчалап тарбиялык маанисин бекемдеп бергенинде болуп жатпайбы.

Кыргыз киносунун архивиндеги, улуттук каада-салтты, наркты камтыган “Токтогул”, “Бакайдын жайыты”, “Ак-Мөөр”,”Тайгак кечүү”, “Манас ааламы”, “Жоро”, “Көчө”, “Караш Караш окуясы”, “Ысык-Көл жоогазындары”, “Каныбек”, “Махабат дастаны”, “Ак илбирстин тукуму”, “Уркуя”, “Алымкан”, “Сүйүү ыры” “Биринчи мугалим”, ж.б, андан соң улуу Ата-Мекендик согушта элдин чыдамкайлыгы жана кайраты даңазаланган “Эрте келген турналар”, “Саманчынын жолу”, “Жамийла”, “Бетме-бет” ж.б, андан кийинки “Бөрү зындан”, “Акбаранын көз жашы”, “Ак Кеме”, “Курманжан Датка”, “Үркүн”, “Саякбай” ж.б. шедеврге айланган Т.Океев, Б.Шамшиев, М. Убукеев, Г.Базаров, Д.Садырбаев, А.Кончаловский ж.б. кыргыз киносун жараткан мыкты режиссерлорубуздун көркөм тасмаларынын парадын “КТР”, “ЭлТР” “Маданият, тарых, тил” каналдарынан үзгүлтүксүз көрсөтүп турууңуздарды көптөн көп суранабыз. Бала-чаканын түнкү уйку мезгилин эске алуу менен көркөм тасмаларды 10.00 сааттан 22.00 саат аралыкта берүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Элибиздин башына мурда-кийин болбогон сыноо келип турган чакта, жогорудагы кыргыз кино тасмаларынын парады кайратка-кайрат, ишенимге-ишеним, күчкө-күч, демге-дем берип, келечектен жакшылыкты үмүт кылып отурган жалпы элибизге, анын ичинде биздей мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга эбегейсиз жан азык болоор деген астейил тилекти билдиребиз.

Кыргыз Республикасынын майыптар коомунун төрагасы: Шүкүрбек Кучкачев;

Мүмкүнчүлүгү чектелген майып аялдардын республикалык көз карандысыз ассоциациясынын төрайымы: Асипа Мусаева;

Чүй областынын “Жаш майыптар коомдук бирикмесинин” төрагасы: Эрнист Мыктыбек уулу;

“Талант сыры майыптар” коомдук бирикмесинин төрагасы: Сапарбек Муратов;

Токмок шаарынын АРИМАД майып аялдар коомдук бирикмесинин төрайымы: Дамира Шарыпбекова;

Нарын кыймылы чектелген аялдар коомдук бирикмесинин төрайымы: Зулайка Бараканова;

Жалал-Абад областынын Аксы районунун Кербен шаарынын ЦЕФЕЙ майыптар коомдук бирикмесинин төрагасы: Бактыбек Калиев;

Бишкек шаарынын Ленин районунун Майыптар коомдук бирикмесинин төрайымы: НадеждаИванова.

Кыргызстандын майыптар ассоциациясынын (КМА) курамына кирген жогорудагы майыптар коомдук бирикмелеринин атынан

КМАнын төрагасы: Калык Мамбетакунов