Коом
Кыргызстандын дипломаттары 49 кычкылтек концентраторун беришти
Элита плюс
Август 30, 2020 г.
Кыргызстандын дипломаттары 49 кычкылтек концентраторун беришти
© Элита плюс

Саламаттыкты сактоо министрлигине Кыргызстандын чет өлкөлүк мекемелеринин дипломаттарынан кычкылтек концентраторлору тапшырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында СOVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу үчүн аткарылып жаткан иш-чаралардын алкагында, чет өлкөдөгү КРнын элчиликтери жана Башкы консулдарынын жеке каражатына сатылып алынган 49 кычкылтек концентраторун КР Тышкы иштер министрлиги Саламаттык сактоо министрлигине тапшырып берди.

Сатылып алынган 49 кычкылтек концентраторунун 15и «КР Президенти жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы» мамлекеттик уюмуна берилип, калган 34 аппарат Саламаттык сактоо министрлигине берилди жана муктаждыгына ылайык өлкөдөгү дарылоо мекемелерине бөлүштүрүлүп берилет.