Коом
Кыргызстандын 82 жаштагы жараны короновирустан каза болду деген маалымат жалган
Элита плюс
Март 28, 2020 г.
Кыргызстандын 82 жаштагы жараны короновирустан каза болду деген маалымат жалган
© Элита плюс

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 82 жаштагы тургуну коронавирустан каза болгон жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары К.Мамбетов брифинг учурунда билдирди.

Анын аймында, оорулунун анализине ылайык, андан короновирустун белгилери табылган эмес. "Анын өлүмүнүн себеби – буга чейинки өнөкөт ооруларынын өтүшүп кеткендиги. Ал 17-мартта чет өлкөдөн келип, анда клиникалык белгилери болгондуктан стационардык дарыланууга жаткырылган. Жакындарына көӊүл айтабыз”, - деди К.Мамбетов.