Коом
Кыргызстандын 4 университети Пакистандын кара тизмесинен чыгарылды
Элита плюс
Ноябрь 17, 2020 г.
Кыргызстандын 4 университети Пакистандын кара тизмесинен чыгарылды
© Элита плюс
Пакистан Кыргыз өлкөсүндөгү 4 медициналык окуу жайды кара тизмеден чыгарды. Бул тууралуу пакистандык басылмалар жазып чыгышты.
 
Пакистан кара тизмеден чыгарган Кыргыз өлкөсүндөгү ЖОЖдор:
 
-Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;
-Ош мамлекеттик университети;
-Кыргыз-Орус (Славян) университети;
-Эл аралык жогорку медициналык мектеби.

Эске салсак, Пакистан Кыргыз өлкөсүндөгү медициналык жогорку окуу жайларды кара тизмеге киргизгенин маалымдаган. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги бул боюнча комплекстүү иштер жүрүп жатканын билдирген.