Коом
Кыргызстандыктар Швейцарияга эркин кире алат
Элита плюс
Сентябрь 17, 2020 г.
Кыргызстандыктар Швейцарияга эркин кире алат
© Элита плюс

 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 7-сентябрдан тартып Кыргызстан жарандары Швейцарияга келгенде 10 күндүк карантинден өтүшү керек болгон өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарылгандыгын маалымдайт. Тиешелүү чечим Швейцария өкмөтү тарабынан 4-сентябрь күнү кабыл алынган. "7-сентябрдан тартып Кыргыз Республикасынын жарандары виза жана башка уруксат документтери менен Швейцарияга эркин кире алышат", - деп билдирет министрлик.