Коом
Кыргызстандык жөө күлүктөр Казакстандагы эл аралык турнирге катышат
Элита плюс
Февраль 17, 2023 г.
Кыргызстандык жөө күлүктөр Казакстандагы эл аралык турнирге катышат
© Элита плюс

Кыргызстандык жөө күлүктөр Казакстандагы Олимпиаданын чемпиону Ольга Рыпакованын байгесине арналган эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 18-февралда Усть-Каменогорск шаарында өтүп, ага кыргызстандык спортчулар Ангелина Тяпова, Николай Котляров жана Мусулман Жоломанов катышат.

Ангелина Тяпова 60 метр аралыкка тоскоолдуктар менен чуркоо, Николай Котляров 60 метр жана Мусулман Жоломанов 1000 метр аралыкка чуркашат.