Коом
Кыргызстандык студенттер Венгрияда акысыз окуйт
Элита плюс
Октябрь 01, 2020 г.
Кыргызстандык студенттер Венгрияда акысыз окуйт
© Элита плюс

Кыргызстандык 150 студент Венгриянын окуу жайларында акысыз окууга мүмкүндүк алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт.

"Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун 28-29-сентябрь күндөрү Венгрияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жана Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто билим берүү жаатында эки тараптуу келишимге кол коюшту. Келишимге ылайык, Венгриянын жогорку окуу жайларына жылына бюджеттик негизде 150 Кыргызстандык студентти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жаралды", - деп айтылат маалыматта.

Билим берүү жана илим министрлиги 2016-жылдан тарта Венгриянын адам ресурстары министрлиги менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын Венгриянын жогорку окуу жайларында бюджеттик негизде окуу мүмкүнчүлүгүн берүү маселелери боюнча кызматташып келет. Алгач келишимге ылайык, жылына 25 студентти окутуу ишке ашып келсе, 2019-жылдан тарта Венгрияда окууга кызыкдар жарандардын көбөйүшүнө байланыштуу, студенттерди окутуу 75 орунга (30 бакалавр, 30 магистратура, 15 докторантура) көбөйгөн.

Окууга кабыл алынган студенттерге Венгрия тараптан жаратылуучу шарттар:

- акысыз окутуу: магистратура, бакалавр (айыл-чарба, социалдык илимдер, маалыматтык технологиялар, экономика, техника, табийгый илимдер, спорт жана мамлекеттик саясат багыттары) жана докторантура (бардык багыттар);

- толук окуу мезгили ичинде ай сайын стипендия берилет: бакалавр жана магистратура – 40 460 форинт (120 евро), докторантура 140 0000 форинт (415 евро);

- жатаканадан орун берүү же үй-бүлөлүк турак үчүн 40 000 форинт (120 евро) төлөп берүү;

- медициналык камсыздандыруу.

Министрликтен кошумчалашкандай, аталган өлкөдө окууну каалагандар жылдан жылга көбөйүүдө жана көбүнчө Кыргызстандык жарандар эл аралык мамилелер, эл аралык бизнес, IT, журналистика, менеджмент и экономика багыттарын тандашат.

Венгриядагы эң популярдуу жана таанымал университеттер болуп Будапешттеги Корвин университети, Этвеш Лоранд университети, Дебрецен университети, Печ университети, Ыйык Иштван университети жана Будапешт технологиялар жана экономика университети саналат.

Мындан сырткары, Каныбек Исаков учурда Венгрияда окуп жаткан Кыргызстандык студенттер менен жолугушту.