Аймактар
Кыргызстандык сиам эгиздери Өзбекстанда ажыратылды (сүрөттөр)
Элита плюс
Январь 20, 2023 г.
Кыргызстандык сиам эгиздери Өзбекстанда ажыратылды (сүрөттөр)
© Элита плюс

Өзбекстанда кыргызстандык сиам эгиздерин ажыратуу боюнча операция ийгиликтүү өттү.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, мындай операция өлкөнүн тарыхында биринчи жолу жасалды.

Белгилүү болгондой, Ош шаарынан жаш ата-энелер былтыр июнь айында медициналык жардам сурап Өзбекстандындын перинаталдык борборунун алдындагы неонаталдык хирургия окуу-методикалык борборуна кайрылышкан.

Өзбекстандык ведомстводон балдар 2022-жылы 31-январда төрөлгөнүн билдиришти.

“Аялда патология кош бойлуулуктун 28-жумасында аныкталган. Ал Бишкекке экспертизага жөнөтүлгөн. 29-жумада төрөт кесарево жолу менен жасалган. Төрөлгөндө жалпы салмагы 1600 грамм болгон ымыркайларга Фатима жана Зухра деген ысым ыйгарылган”, - дешти дарыгерлер.

Операцияны Өзбекстандын тажрыйбалуу дарыгерлери жүргүзгөн, Медицина кызматкерлеринин профессионалдык адискөйлүгүн өнүктүрүү борборунун директору, профессор Хабибулло Акилов жана Ташкент педиатриялык медициналык институтунун балдар кафедрасынын жетекчиси, профессор Насриддин Эргашев жардам берген.

"Операция учурунда боордон жана башка тамырлардан кан агуунун алдын алуу үчүн УЗИ жана аргон скальпель, ошондой эле заманбап кан токтотуучу bloodstop деп аталган материал колдонулган. Жыйынтыгында балдар аз кан агуу менен бөлүнгөн.

Бактыга жараша сиам эгиздеринин өт баштыкчалары өзүнчө түзүлүп калган экен. Бул эки дене бөлүнгөндө да өт баштыкчалары өз милдетин эч кандай кыйынчылыксыз аткарышын камсыз кылды", - деп белгилешти өзбекстандык дарыгерлер.

Адистер балдардын абалын туруктуу деп баалап жатышат. Кыздар жакында ооруканадан чыгарылат.