Коом
Кыргызстандык мушкер Таиланддагы турнирдин жеңүүчүсү болду
Элита плюс
Март 15, 2023 г.
Кыргызстандык мушкер Таиланддагы турнирдин жеңүүчүсү болду
© Элита плюс

Кыргызстандык мушкер Александр Кононенко Таиланддагы тай бокс боюнча турнирдин жеңүүчүсү болду.

“Бангла” стадионунда өткөн мелдеште Кононенко 70 кг салмакта таиланддык мушкерди утуп алды.

“Буга чейинки беттеште бул спортчуну бешинчи раундда боорго тээп, нокаут менен жеңип алгам. Азыркы кармашуу абдан оор болду, бирок упайлар боюнча жеңишке жеттим”, - деди Кононенко