Ийгилик сыры
Кыргызстандык футболчулар Вьетнамдын командасын утту
Элита плюс
Март 29, 2023 г.
Кыргызстандык футболчулар Вьетнамдын командасын утту
© Элита плюс

Кыргызстандын 23 жашка чейинкилер арасындагы футбол боюнча курама командасы Doha Cup турниринде Вьетнамдын командасы менен беттешти. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Эки команданын беттеши 0:0 эсебинде аяктап, оюндан кийин пенальти сериясы орун алды. Анда Кыргызстандын курамасы 5:4 эсебинде атаандашын утуп алды.
Буга чейин курама команда Кувейт жана Омандын командаларына утулуп калган.

Белгилей кетсек, International Cup U-23 - бул Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Аравия, Ирак, Түштүк Корея, Таиланд, Вьетнам, Кыргызстан, Оман жана Кувейт сыяктуу Азия континентинин бардык өлкөлөрүнүн командалары арасында жыл сайын өтүүчү эл аралык турнир. Ал ошондой эле Doha Cup турнири катары белгилүү.