Ийгилик сыры
Кыргызстандык футболчу Нурсулуу Мурзакулова өзбекстандык клубга өттү
Элита плюс
Март 16, 2023 г.
Кыргызстандык футболчу Нурсулуу Мурзакулова өзбекстандык клубга өттү
© Элита плюс

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасынын капитаны жана Нурсулуу Мурзакулова өзбекстандык клубга өттү.

Кыз-келиндер арасында футбол боюнча ассоциациясынан билдиришкендей, Мурзакулова “Бунедкор” клубу менен келишим түздү.

Нурсулуу Мурзакулова “Алга” командасында ойноп, 2022-жылы футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болгон. Ал мелдеште Мурзакулова мыкты оюнчу деп табылган.

Ташкенттин “Бунедкор” футболдук клубу Өзбекстандын суперлигасында ойнойт. “Бунедкор” командасы өлкөнүн беш жолку чемпиону, үч жолку вице-чемпиону, Өзбекстандын кубогун беш жолу утуп, Суперкубоктун ээси болгон.