Спорт
Кыргызстандык үч балбан кыз Россияда өткөн мелдеште коло медаль утту
Элита плюс
Январь 29, 2024 г.
Кыргызстандык үч балбан кыз Россияда өткөн мелдеште коло медаль утту
© Элита плюс

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Россияда өткөн мелдеште байгелүү орундарды багынтты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

“Иван Ярыгин-2024” кубогуна арналган XXXV эл аралык мелдеши Красноярск шаарында 25-28-январь күндөрү өткөн. Ага 24 өлкөдөн келген спортчулар катышты. Байге фонду 7 млн рублды түзгөн мелдеште жалпы 20 комплект медаль ойнотулду.

Эл аралык мелдеште кыргызстандык үч балбан кыз коло медаль тагынды:

  • Калмира Билимбек кызы (59 кг);
  • Жаркынай Нурлан кызы (62 кг);
  • Нурзат Нуртаева (72 кг).

Курама команда улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.