Коом
Кыргызстандагы мектеп директорлору төрт багытта окутуудан өтөт
Элита плюс
Март 22, 2023 г.
Кыргызстандагы мектеп директорлору төрт багытта окутуудан өтөт
© Элита плюс

Кыргызстандагы мектеп директорлору төрт багытта окутуудан өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев бүгүн, 22-мартта Чүй облусундагы билим берүү маселелери боюнча көчмө коллегияда билдирди.

Министрдин айтымында, өлкө боюнча 2 миң 500 директор бар. Алар төмөнкү багыттар боюнча окутуудан өтүшөт:

- азыркы замандагы мектеп директору кандай болушу керек?

- мектеп директору ар кандай эл аралык коомчулуктан, каржылык институттардын грант алуу үчүн кантип долбоор жазуу керек?

- ЖРТда кантип жалпы деңгээлди көтөрүү керек?

- PISA-2025 эл аралык изилдөөсүндө Кыргызстандын беделин көрсөтүү үчүн даярдыктарды күчөтүү.