Коом
Кыргызстандагы коронавирустук абал кандай?
Элита плюс
Сентябрь 17, 2020 г.
Кыргызстандагы коронавирустук абал кандай?
© Элита плюс

Кыргызстанда сутка ичинде 107 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Сакайгандардын 52си Бишкек шаарында, Чүй облусунда – 4, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда –12, Жалал-Абад облусунда – 12, Баткен облусунда - 16 бейтап коронавирустан айыкты. Ошол эле маалда бир күндө коронавирус жуккан жаңы 81 учур катталды. Анын ичинен 41 - коронавирус, 40 - пневмония. Акматова кошумчалагандай, акыркы сутка ичинде илдеттен каза болгон катталган жок. Жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 45 миң 153гө жетти. Ал эми жугуштуу тумоодон 41 миң 317 адам айыкты.