Коом
Кыргызстандагы айрым май куйуучу жайлар жабылат
Элита плюс
Июнь 19, 2020 г.
Кыргызстандагы айрым май куйуучу жайлар жабылат
© Элита плюс

 23-июндан тарта Кыргызстанда 600дөн ашуун май жана газ куючу жайлар ишин токтотот. Бул тууралуу  газ тармагындагы ишкерлер Ассоциациясынын төрагасы Эсен Бакиров айрым маалымат булактарына билдирген. 

Эске салсак, 1-июлдан баштап Кыргызстандагы күйүүчү май продукциясына жаңы талаптар киргизилүүдө – анда ишкерлер АСУ системасын орнотууга милдеттүү.

Бакиров бул чаралар аткезчиликке каршы күрөшкө багытталганын жакшы түшүнүп жана колдой тургандыгын айтат. Бирок токтом чийки жана бизнес аны ишке ашырууга даяр болбой жатат дейт.

600дөн ашык май куюучу жайлар, бул деген дээрлик 70%ы автоматташтырылган башкаруу тутумун орнотууга жетишпей жатат. Бул система контрабандага каршы күрөшүү үчүн зарыл, бирок аны бизге оорчулук келтирбестен колдонсо болот. Сыноо үчүн убакыт жана болжол менен бир жыл талап кылынат. Башка мамлекеттер буга бир нече жылдарды бөлгөн. Бизде болсо чийки документти лобби кылып жатат. Бул кимдир бирөөгө пайдалуу болуп жаткандай сезилип кетүүдө“,- дейт төрага. Бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга кабар бергендерин,  бирок эч кандай жооп болбой жатканына нааразы.

”600 май куючу бекети жабылат же 1-июлдан тарта баары бир ал жакты жабат”,- деди каржы адиси Мээрим Атабекова.

Ошондой эле ал кошумчалагандай 1-июлдан тартып май куючу жайларда баа 2-3 сомго көтөрүлө баштайт.