Коом
Кыргызстандадагы 104 адамдан илдет аныкталды
Элита плюс
Сентябрь 28, 2020 г.
Кыргызстандадагы 104 адамдан илдет аныкталды
© Элита плюс

Кыргызстанда 28-сентябрь саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 104 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Анын ичинен 64 адамда коронавирус аныкталса, 40 бейтап пневмонияга кабылган.Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 46 миң 355 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 19
  • Ош - 8
  • Чүй облусу – 6
  • Ош облусу - 18
  • Талас облусу - 1
  • Нарын облусу - 2
  • Ысык-Көл облусу – 3
  • Жалал-Абад облусу – 10
  • Баткен облусу - 37