Коом
Кыргызстанда жумушсуздардын саны 2,5%га кыскарды
Элита плюс
Май 15, 2023 г.
Кыргызстанда жумушсуздардын саны 2,5%га кыскарды
© Элита плюс

2023-жылдын төрт айынын жыйынтыгы боюнча, республикада иш менен камсыз болгондордун саны 2537,9 миң адамды, ал эми жумушсуздардын саны 142,6 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ошол эле учурда 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча катталган жумушсуздардын саны 2,5%га, ал эми жалпы жумушсуздуктун деңгээли 0,5%га кыскарган.

Белгиленгендей, мындай жыйынтык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча активдүү иш-аракеттердин арты менен жетүүгө мүмкүн болду. Мисалы, чакан бизнес ачууга 100 миң сом берүү, "Эмгек үчүн тамак-аш/акча" долбоорлорун ишке ашыруу жана эмгек рыногунда суроо-талапка ээ кесиптерге окутуу иш-чаралары өз үзүрүн берүүдө.

Натыйжада республикадагы расмий жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын 2,9%ын түздү.

Жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган.