Коом
Кыргызстанда жер титиреди
Элита плюс
Август 13, 2020 г.
Кыргызстанда жер титиреди
© Элита плюс

Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды, - деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 12-августта саат 16:03тө Кыргыз Республикасынын аймагында катталып, очогунда күчү 4,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Нарын облусунун Кочкор районунун Эпкин, Ак-Чий, Туз, Кен-Суу айылдарында 3,5 балл жана Жумгал районунун Жумгал, Кызарт айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.