Коом
Кыргызстанда тоо теке, элик, каман, бөдөнө, көгүчкөндөргө аңчылык мезгили башталды
Элита плюс
Август 10, 2020 г.
Кыргызстанда тоо теке, элик, каман, бөдөнө, көгүчкөндөргө аңчылык мезгили башталды
© Элита плюс

Кыргызстанда тоо теке, элик, каман, бөдөнө, көгүчкөн жана бактекке аңчылык мезгили башталды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Агенттиктен белгилешкендей, өкмөттүн 2015-жылдын 23-мартындагы токтомуна ылайык тоо теке, элик, каман, бөдөнө, көгүчкөн жана бактекке аңчылык мезгили (эликтен тышкары) август айынын экинчи ишембисинде башталып, декабрь айынын биринчи жекшембисинде аяктайт. Ал эми эликке аңчылык кылуу октябрь айынын соңку жекшемби күнүнө чейин уруксат берилет.

2020-жылга карата жапайы жаныбарларга аңчылык кылуунун чеги белгилеген:

- тоо текеси - 700 баш;
- элик - 120 баш;
- каман - 60 баш.
Учурда Кыргызстанда 46 миң 161 тоо теке, 4 миң 760 элик, 3 миңден ашык каман бар.

"Андан тышкары Кыргызстанда Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген аркардын үч түрү бар: Марко Поло аркары, Тянь-Шань аркары жана Северцев аркары. Учурда алардын саны 16 миңден ашат", - деп билдирет агенттик.