Коом
Кыргызстанда суурлардын саны 341 миң 425ке жетет
Элита плюс
Август 04, 2020 г.
Кыргызстанда суурлардын саны 341 миң 425ке жетет
© Элита плюс
Кыргызстанда суурлардын саны 341 миң 425ке жетет
© Элита плюс
Кыргызстанда суурлардын саны 341 миң 425ке жетет
© Элита плюс
Кыргызстанда суурлардын саны 341 миң 425ке жетет
© Элита плюс

Кыргызстанда суурлардын саны 341 миң 425ке жетет. Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигин маалымат кызматы билдирди. енттиктин алдындагы Биоартүрдүүлүктү сактоо департаментинин кызматкерлери өлкөдөгү суурлардын санын эсептеп чыгышкан.

Учурда Кыргызстандын аймагында суурдун үч түрү байырлайт: боз суур, кызыл суур жана Мензбир сууру.

2016-жылы боз суурлардын саны 91 миң 705, 2017-жылы - 124 миң 294, 2018-жылы - 132 миң 635, 2019-жылы - 159 миң 66 болсо, быйыл алардын саны 164 миң 927ге жеткен.

Ошол эле учурда 2016-жылы кызыл суурдун саны 169 миң 910, 2017-жылы - 166 миң 553, 2018-жылы - 164 миң 304, 2019-жылы - 174 миң 37 болсо, быйыл алардын саны 164 миң 40ты түзгөн.

Ал эми Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген Мензбир суурунун саны 2016-жылы 13 миң 96 болсо, 2017-жылы - 12 миң 414, 2018-жылы - 13 миң 114, 2019-жылы - 12 миң 451, быйыл 12 миң 458 болгон.