Коом
Кыргызстанда сутка ичинде пневмониядан 29, коронавирустан 15 адам каза болду
Элита плюс
Июль 13, 2020 г.
Кыргызстанда сутка ичинде пневмониядан 29, коронавирустан 15 адам каза болду
© Элита плюс

Кыргызстанда сутка ичинде пневмониядан 29, коронавирустан 15 адам каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-түрк “Достук” ооруканасынан – 4 (эркектер - 56, 56, 46 жашта, аял, 60 жашта), Республикалык жагаштуу оорулар клиникалык ооруканасынан – 2 (аялдар – 70, 71 жашта), Ак-Талаа аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 61 жашта), Ат-Башы аймактык ооруканасынан – 1 (аял, 55 жашта), Жайыл аймактык ооруканасынан – 5 (эркектер - 69, 67 жашта. Аялдар – 83, 50, 61 жашта), Кадамжай аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 77 жашта), Лейлек аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 75 жашта) бейтап коронавирустан каза болду.

“Бир сутка ичинде пневмониядан 29 бейтап каза болду. Алардын ичинен 13 адам республика боюнча жана Бишкекте 16 адам. Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 452 адам”, - дейт Акматова.

Белгилей кетсек, 13-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 11 миң 117ге жетти. Алардын ичинен 1781и медицина кызматкери. Илдеттен 3460 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 147 адам каза болду.