Коом
Кыргызстанда музей жана китепканалар ишин жандантат
Элита плюс
Сентябрь 13, 2020 г.
Кыргызстанда музей жана китепканалар ишин жандантат
© Элита плюс

14-сентябрдан баштап өлкөдөгү музей жана китепканалар өз ишин кайрадан жандантат. Ал үчүн атайын санитардык эрежелерди сактоо максатында алгоритм иштелип чыгып, Саламаттык сактоо минитрлиги менен макулдашылды. Бул тууралуу Маалымат, маданият жана туризм министрлиги маалымат таратты. Маалыматка ылайык, музей жана китепканалардын ишин жандантууну ишке ашырууда коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүнүн алдын алуу каралат. Министрлик ал үчүн профилактикалык чараларды камсыз кылып, иштелип чыккан алгоритмде жарандарга коронавирус инфекциясы жугуп калуу мүмкүн экендигин эскертет. Ошондой эле министрлик койгон талаптарга ылайык, мекемелердин имаратына кирүү алдында кызматкерлердин жана коноктордун дене табын текшерип, социалдык аралыкты сактоо керек.