Коом
Кыргызстанда марттан тарта коронавируска каршы эмдөө башталат – Бейшеналиев
Элита плюс
Февраль 10, 2021 г.
Кыргызстанда марттан тарта коронавируска каршы эмдөө башталат – Бейшеналиев
© Элита плюс

Кыргызстанга февраль айынын соңунда Улуу Британиянын AstraZeneca вакцинасынын 504 миң дозасы келет. Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, мурункудай жашоого кайтып келүү үчүн калктын 78%ы эмдөөдөн өтүшү керек.

"Жыл башында бизге Pfizer вакцинасы сунушталган, бирок аны сактоого мүмкүнчүлүк жок болгондуктан андан баш тартканбыз. Аталган вакцинаны сактоочу муздаткычтарга көп каражат талап кылынат. Сүйлөшүүлөрдөн кийин бизге Оксфорд университети иштеп чыккан вакцинаны сунушташты. Кечээ Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугуштум, Кыргызстанга февраль айынын соңунда Улуу Британиянын AstraZeneca вакцинасынын 504 миң дозасы келет", - дейт ал.

Министр Россия тарап менен сүйлөшүүлөр болуп жатканын жана "Спутник" вакцинасынын 500 миң дозасын алуу каралып жатканын айтты.

"Бизге "Ковакс" программасынын алкагында жакынкы аралыкта вакцинанын 1 млн 200 миң дозасы келет", - деди Бейшеналиев.