Коом
Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 4 жаӊы учуру катталды
Элита плюс
Апрель 01, 2020 г.
Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 4 жаӊы учуру катталды
© Элита плюс

2020-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 4 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары К.Мамбетов брифинг учурунда билдирди. Алар: Жалал-Абад ш. – 1 Сузак району – 1 Кара-көл ш. – 1 Чүй облусу – 1

Бардыгы болуп республика боюнча 111 тастыкталган учур бар. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 59 аял, 52 эркек.

“Жаӊы аныкталган учурлардын ичинен 1 сырттан келген (Россиядан кайткан), 3 – оорулуулар менен байланышта болуп жуктуруп алышкан”, - Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары К.Мамбетов.